БИРИМДИК-КУТ” ЖАҢЫ КОНУШУНА ЖАҢЫ МЕКТЕП КУРУЛАТ

  • 26.01.2022
  • 0

 

Өткөн жумада аталган жаңы конуштун тургундары мектеп жана башка башка социалдык обьектилерди куруп берүү талабы менен ак үйдүн алдына тынчтык митингине чыгышкан эле. КР Президентинин Чүй облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишев бул маселени чечүү өтүнүчү менен Президентке кирип чыкканын билдирди.

Эркин Тентишевдин айтымында, Чүй облусуна курулуучу сегиз мектептин бирөө “Биримдик-Кут” жаңы конушуна курулмакчы.

— “Биримдик-Кут” жаңы конушуна мектеп куруу жөнүндө тиешелүү жетекчилерге тапшырма бердим, алар апрель айынан баштап биргеликте мектептин долбоорун даярдап бүтүшсө, курулуш иштери башталмакчы. Башка социалдык обьектилер да кезек-кезеги менен курула баштайт. Биз бардык маселелерди биримдик жана сабырдуулук менен жеңерибизге ишенемин” – деди ал, өз кезегинде элге кайрылып.

 

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер