БИР МЕКТЕПТЕН 10 ОКУУЧУ КЕМБРИДЖГЕ!

  • 02.02.2021
  • 0

Ош шаарындагы №50 П.Ж.Нышанов атындагы мектеп-гимназиясында окуучулардын сапаттуу билим алышы үчүн баардык шарт түзүлгөн. Бул мектеп 2002-жылы 840 окуучуга ылайыкталып ачылып, экологиялык багытта окуучуларга билим берет. Учурда мектепте 1964 окуучуга 107 мугалим эмгектенет.

БИР МЕКТЕПТЕН 10 ОКУУЧУ КЕМБРИДЖГЕ!

Мектептин бүтүрүүчүлөрү ЖРТдан мыкты упайларды топтоп, жогорку окуу жайларга өтүүдө жакшы көрсөткүчтөргө ээ болуп келишет. Ал эми шаардык жана республикалык олимпиадаларда 3 жылдын ичинде сегиз окуучу алдыңкы орундарга ээ болгон.

№50 П.Ж.Нышанов атындагы мектеп-гимназиясы жыл сайын шаардык деңгээлде уюштурулган “Эң мыкты 20 мектеп” аталышындагы рейтингде 58 мектептин арасынан 8-орунду ээлеп келет. Бул рейтинг ЖРТнын жыйынтыктары, шаарда өткөрүлүп турган БАЖСКО (бешинчи, алтынчы, жетинчи сегизинчи клсстардын олимпиадасы), окуучулардын коомдук иштерге катышуусу, мугалимдердин өз билимдерин өркүндөтүүсү, түрдүү кароо-сынактарга катышып алдыңкы орундарды алуусу ж.б жетишкендиктери боюнча бааланат.

Мектеп жетекчилиги ар түрдүү долбоорлор, ата-энелер, коомдук уюмдар  менен тыгыз иштешип келет. Алсак, 2-корпустун полунун кафелдерин жаӊылоо үчүн атайын долбоор жазылып, заманбап мрамор таштары менен жаңыланды. Мектептин алдына жаңыдан асфальт төшөлүп, кире бериш дарбазасы жаңыланып, чекелери тосулуп, атайын гүл челектер коюлган.

Мектеп бир топ жылдан бери “Ага-Хан” фонду менен иштешип, мектептин ички жана сырткы көзөмөлү үчүн атайын видео камералар орнотулду. Жакында эле мектепке “Ага-Хан” фондунун, ата-энелердин, шаардык башкармалыктын колдоосу менен 12 проектор алынды. Мектептин  экологиялык абалын жакшыртуу үчүн жыл сайын гүлдөрдүн түрүн, арчалар бак-дарактар тигилип келет. Азыркы учурда мектепте заманбап эки компьютердик класс, 13 проектор, 7 принтер, 2 акылдуу доска, 24 телевизор, 20 DVD бар.

Мектептин директору Убайдуллаева Жамал Исмаиловна өзүнүн эмгек жолун № 21 А. С. Пушкин атындагы мектеп-гимназиясында кыргыз тили жана адабият мугалими болуп иштөө менен баштаган.  Кийин аталган шаардагы №14 К.Алтыбаев мектебинде мугалим, тарбия иштери боюнча директордун орун басары, директор болуп иштөө менен өзүнүн педагогикалык эмгек жолун улантып келет.  Ал 2010- жылы №42 “Керме- Тоо” мектеп-гимназиясына директор, 2014-жылы болсо №50 П.Ж.Нышанов атындагы мектеп-гимназиясына директор болуп ротацияланат. Азыркы убакка чейин аталган мектепти жетектеп келет.

Жамал Убайдуллаева окуучуларга “Татыктуу тарбия, сапаттуу билим берүү үчүн” деген ураан менен мектепти бир топ ийгиликтерге жетиштирген. Демек, өзүнүн кесибин мыкты билген мугалим, уюштургуч, чарбакер жана заман талабына жооп берген жаңычыл директор деп айтсак, жаңылышпайбыз.

БИР МЕКТЕПТЕН 10 ОКУУЧУ КЕМБРИДЖГЕ!

Өзгөчө белгилеп кетүүчү нерсе, жаңычыл директор ушул жылдан башында демөөрчү таап, мектептин 5-6-классынын 10 мыкты окуучусун англис тилинен эл аралык, атактуу, дүйнөгө белгилүү Кембридждин экзаменине даярдоого киришти. Кыргызстанда катардагы эмес, элиталык мектептер да мындай экзаменге даярдабагандыгы белгилүү. Андыктан саамалык жалгыз гана Ош шаардык эмес, жалпы Кыргызстандын мектептери үчүн үлгү болсо.  Анткени, дүйнө жүзү боюнча 20миңден ашуун окуу жайлар, ишкана, мекемелер тааныган күбөлүктү алууга, Кыргызстандагы катардагы эле мектебинин киришиши, билим берүү тармагында чоң бурулушту каалагандар үчүн үлгү десек болот. Башка мектептер дагы ушул демилгени колго алып, Евростандарттагы билимге окуучуларды жаш кезден даярдай баштаса, өлкөбүздүн келечеги үчүн жакшы болмок…

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер