«БИР АДАМДАН БИР КИТЕП» ДОЛБООРУ АКСЫДА
- 06.03.2025
- 0
Жакында Мамыт Абылкасымов атындагы Аксы райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу А.Эрматов атындагы №4 Миң-Булак жалпы орто билим берүү мектебинде “Бир адамдан бир китеп” долбоорунун алкагында “Китеп – жан дүйнөнүн азыгы” аттуу китеп той болуп өттү.
Бул иш-чарага эркин күрөш боюнча Кыргызстандын көп жолку чемпиону, Азия жана Дүйнө чемпионаттарынын жеңүүчүсү, КР спорт чебери жана Эл аралык даражадагы спорт чебери Мырзаназар уулу Бекболот, БАБК долбоорунун жетекчиси Марлен Жамалов, “Китепкөй кыргыз армиясынын” негиздөөчүсү Санжар Эмилбеков, Аксы райБББнүн усулчулары Умаркулова Гүлбайра жана Мырзамамытова Элмира, Аксы жаштар биримдигинин төрагасы Н.Жолдошбеков жана башка коноктор, ата-энелер катышты.
“Бирдики миңге, миңдики түмөнгө” демекчи, айыл тургундары, ата-энелер, бүтүрүүчүлөр, окуучуларды алгылыктуу саламы менен мектептин китеп фондусу 920дан ашык китеп менен толукталды. Ошону менен эле бирге чаңкаганда жан дүйнөгө азык болор китептер сатылып, каалоочу окурмандар сатып алышып, китеп текчелерин да байытышты.
Гүлбарчын ТАШИБЕКОВА,
Мамыт Абылкасымов атындагы Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн алдындагы усулдук кабинеттин башчысы
Комментарийлер