БИЛИМ ПРОГРАММАЛАРЫ ГЕРМАНИЯГА ЖОЛ АЧАТ
- 22.11.2024
- 0
Германияда билим алууну каалаган жаштар Ausbildung, Duales, , “Ferienjob программалары сунушталат. Анда практикалык билимге басым жасалып, стипендия да төлөнүп берилет. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда “Демилге Кей Джи” коомдук фонду тарабынан уюштурулган маалымат жыйында айтылды.
Анда билим берүү программаларына тапшыруунун жол-жоболору, суроо-талабы жогору кесиптер тууралуу маалыматтар берилди. Германиянын өкүлү Нина Шутстун айтымында, Кыргызстанда университет жогорку билим алгандыгын тастыктаса, Германияда университет мамлекеттик окуу жай катары каралып, колледж жеке менчик окуу жайы болуп эсептелет. Экөөнүн тең диплому жарактуу. Бирок 98% жаштар колледжде окууну тандашат. Себеби Германияда ЖОЖдо билим алуу көп каражатты талап кылат. Мындай чыгымды көпчүлүк үй-бүлөлөр көтөрө албагандыктан, балдардын билим алуусуна мүмкүнчүлүк түзүү максатында дуалдык билим берүү пайда болгон.
Ausbildung – медициналык билим алууну каалагандар үчүн туура багыт. Мында окуучунун адистигине жараша клиника менен келишим түзүлөт. Жумасына эки ирет теориялык сабак өтсө, калган убакта өндүрүштө мастердин көзөмөлүндө практикалык билим алат. Окуунун мөөнөтү аяктаганда ошол клиниканын өкүлдөрү экзамен алып турат. 3.5жылда тажрыйбалуу адис болуп чыгат. Кийин докторантура, магистратурада билимин тереңдетсе да, башка өлкөлөргө иштеп кетсе да болот. Германия “аусбилдинг” кылган клиникага, ал эми клиника окуучуга стипендия төлөп берет. Болжолдуу 700евродон. Бул программаны 17 ден 27жашка чейинки жаштар тандоого болот.
Ал эми студенттер үчүн үч айлык практикалык “Ferienjob” программасы бар. Анда студент адистигине жараша клиникада иштеп, саатына болжолдуу 16евродон таба алат. Бул үчүн студент билим алган медициналык университет менен практикасын өтөп жаткан германиялык клиниканын ортосунда келишим түзүлөт. Ага ылыйык, студентти жатакана, тамак-аш менен камсыз кылууга милдеттендирилет. Бирок студент бул программа менен Германияга окуу маалында эки гана жолу барууга уруксат.
Медициналык тармактан башка кесипте билим алууну каалагандарга “Duales” программасы сунушталат. Бул деле “аусбилдингге” окшош программа. Студент көндүмдөрүн ишканаларда практика түрүндө өркүндөтөт. Бул үчүн колледж кызматташкан ишканалардын бирин студент өзү тандап, сүйлөшүүдөн өтөт. Ишкана студенттин ар бир кадамында жардам берет. Окуу акысын практика өтөгөн ишкана төлөйт. Окуу мөөнөтү үч жарым жылга созулат.
Германияда билим алууну каалагандар ушул жылдын 17-январына чейин билдирүү таштоосу зарыл. Бирок немис тилин билүү деңгээли В1, В2 тастыктоочу сертификаты болуусу шарт.
Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу кесиптик билим берүү жана жумушка орноштурууда башка өлкөлөрдүн да тажрыйбасын үйрөнүшүбүз зарылдыгын, анткени дүйнө жүзү боюнча эмгек рыногу муктаж болгон кесиптерге даярдоо маанилүү маселелердин бири экендигин “Кыргызстан-Германия диалогу: “Келечек үчүн кесиптик билим берүү жана адистерди даярдоо” форумунда белгилеген.
- Эмгек рыногунда кесиптердин да өзгөрүүсүнө туш болуудабыз. Анткени түрдүү чакырыктар бар. Бир мезгилде абдан актуалдуу болгон кесиптер бүгүнкү күнү жок болуу коркунучунда турат. Андыктан биз Германиянын тажрыйбасын алуу абдан маанилүү деп эсептейбиз. Германиядан үйрөнө турган дагы бир чоң тажрыйба – дуалдык окутуу. Иш-чаранын максаты — эмгек рыногу менен билим берүү мекемелеринин системасынын ортосундагы байланышты чыңдоо. Албетте, бул ЖОЖдорго гана эмес, кесиптик-техникалык билим берүүгө да тиешелүү. Биз билим берүү системасын өзгөртүүдөн башташыбыз керек. Анткени бүткүл дүйнө жүзүндө колдонулуучу стандарттарга өтүү мезгил талабы, – деген Расул Абазбек уулу.
Дал ушул Ausbildung программасы менен бир жылдан бери Германияда акысыз билим алып, аны менен катар эле өз адистиги боюнча иштеп жаткан Сезим Жумабекова бар. Эки жылдык окуусун аяктаса дипломунун негизинде Европа өлкөлөрүндө расмий түрдө иштөөгө мүмкүнчүлүк алат.
Сезим Жумабекова Германияга 2022-жылы круиздик кемеде иштөө максатында барган. Бирок ал жерде 2,5 ай гана иштөөгө мүмкүн болгон. Себеби жетекчилик эмгек өргүүгө чыгарган. Айтымында, немис тилин билбегендиктен дароо жумуш табуу кыйынга турган. Бир айда 50 еврого картошка, нан, колбаса алып, эптеп курсагын тойгузуп жашап жүргөнүн айтат. Көп өтпөй орто деңгээлде корей тилин билгендиги жардам берип, корей кафесине жумушка орношкону менен виза алуу маселеси жаралган. Ошондо кафенин жетекчиси Ausbildung программасы менен окууну сунуштаган. Эки күн теориялык билим алса, үч күн кафеде кадимкидей иштейт. Окуучуга талапты билим берүү мекемеси эмес, иш берүүчүлөр коёт жана толук кандуу жумушчу катары эмгек акы төлөп берет.
- Кыргызстанда көбү Европага келсе эле баары даяр тургандай түшүнөт. Бирок бул жакта документ алуу кыйын, жөн эле жумушка ала бербейт. Немис тилин билбегениң да кыйын, жумушка турууга уруксатыңды да карашат. “Ausbildung” программасында туризм, медицина, дегеле ар кандай тармактагы адистиктер бар. Бирок сени “Ausbildung” кылып алчу компанияны өзүң табасың. Мындан улам окууга тапшырууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Окуу мөөнөтү ар түрдүү, бир жылдык, эки же үч жылдык программалары бар. Эгерде бир жылдык адистикте окусаң, кийин ошол эле кесип менен чектелип каласың. Эки-үч жылдык окуудан кийин жумушта көтөрүлгөнгө оңоюраак болот. Өзүм эки жылдыкка тапшыргам. Тандаган адистигиме байланыштуу кафеге жумушка орношком. Азыр немис тилин үйрөнүп калдым. Окуучуга талаптарды окуу жай эмес, жумуш берүүчү коёт. Бир эле кафеде иштегеним үчүн талап абдан күчтүү деле болгон жок. Чогуу окуган кыргыз балдар бар, алар McDonald’s иштешет. Бул чоң тармак болгондуктан, талабы да күчтүү. Мектепти бүткөндүгү тууралуу, тил билүү деңгээлин тастыктаган документтерди талап кылышат. Эмгек акы да ар кайсы компанияныкы ар кандай. Мисалы, менин накталай алган маянам 1000 евро, андан тышкары 200 евро налог, страховкага кетет. Негизи бул программа каражат жагынан кыйналып жаткан, бирок чет өлкөдө билим алууну каалаган жаштарга жакшы мүмкүнчүлүк. Акча таап, аны менен катар дипломго ээ болуп, эл-жер көрүп, тажрыйба арттырууга мыкты шарт”, – дейт Сезим.
Айгерим Токтобаева, “Кут Билим”
Комментарийлер