БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИ УЛУТТУК КОНСЕРВАТОРИЯНЫН РЕКТОРУ МЕНЕН ЖОЛУКТУ

  • 21.10.2020
  • 0

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Кыргыз Улуттук консерваториянын ректору Муратбек Бегалиев менен жолугушту.

Жолугушууда бул окуу жайдагы иштер жана консерваторияны өнүктүрүү боюнча пландар талкууланды.

“Азыркы учурда консерваторияда 500 чамал студент окуйт. Жуздөй педагог иштейт. Биздин педагогикалык коллективдин потенциалы абдан чоң, белгилүү, эмгеги сиңген артисттер көп. Дистанттык окутуу шартында жалаң гана окуу менен чектелбей, биздин студенттер ар кандай онлайн конкурстарга катышып, алдыңкы орундарды ээлешти”,-деди Муратбек Бегалиев.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер