БИЛИМ БЕРҮҮ МИНИСТРЛИГИ МЕДИА МАНАСКА ЫРААЗЫЧЫЛЫК БИЛДИРДИ

  • 22.06.2020
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан дистанттык билим берүүнүн алкагында телесабактарды уюштуруудагы кѳрсѳткѳн кѳмѳгү үчүн Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Радио жана телеберүү башкармаалыгынын (“Медиа Манас” борбору) кызматкерлерине ыраазычылык баракчалары тапшырылды.

БИЛИМ БЕРҮҮ МИНИСТРЛИГИ МЕДИА МАНАСКА ЫРААЗЫЧЫЛЫК БИЛДИРДИ

Министр Каныбек Исаков COVID-19 пандемиясы мезгилинде Кыргызстандагы өзгөчө абалга карабастан, Билим берүү жана илим министрлигине жардам колун сунуп, телесабактарды тартууга кѳмѳк кѳрсѳткѳндүгү үчүн КТМУнун жалпы жамаатына рахматын айтып, окуу жайдын ректору Себахаттин Балжы, биринчи проректору Асылбек Кулмырзаев, “Медиа Манас” борборунун директору Бүлент Намал, эфирдик адис Алишер Ибрагимов, оператор Ярослав Калиновский, эфирдик кызматкер Аслы Эртугрул Анбазова, үн оператору Денис Бурдаков, техникалык кызматкер Мустафа Өзтүрк жана практикант Эржан Өзкаяга ыраазычылык баракчаларын тапшырды.

Эске салсак, коронавирус пандемиясы мезгилинде Кыргызстандын улуттук телеканалдарында кѳрсѳтүлгѳн телепрограмма жана роликтер КТМУнун “Медиа Манас” борборунда тартылды. Мындан тышкары Билим берүү жана илим министрлиги үчүн дистанттык билим берүүнүн алкагында орто мектептин окуучуларына 114, мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн 197, мугалимдер үчүн төрт телесабактар, ошондой эле КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин балдарга COVID-19 вирусу боюнча маалымат берүү максатында беш коомдук ролиги, КР Саламаттык сактоо министрлигине үч телепрограмма тартылган. Бул тууралуу КТМУнун басма сѳз кызматы кабарлады.

БИЛИМ БЕРҮҮ МИНИСТРЛИГИ МЕДИА МАНАСКА ЫРААЗЫЧЫЛЫК БИЛДИРДИ БИЛИМ БЕРҮҮ МИНИСТРЛИГИ МЕДИА МАНАСКА ЫРААЗЫЧЫЛЫК БИЛДИРДИ БИЛИМ БЕРҮҮ МИНИСТРЛИГИ МЕДИА МАНАСКА ЫРААЗЫЧЫЛЫК БИЛДИРДИ БИЛИМ БЕРҮҮ МИНИСТРЛИГИ МЕДИА МАНАСКА ЫРААЗЫЧЫЛЫК БИЛДИРДИ БИЛИМ БЕРҮҮ МИНИСТРЛИГИ МЕДИА МАНАСКА ЫРААЗЫЧЫЛЫК БИЛДИРДИ

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер