БИЛИМ БЕРҮҮ МИНИСТРИ ЖОЖДОРДУН РЕКТОРЛОРУ МЕНЕН ЖЫЙЫН ӨТКӨРДҮ

  • 13.11.2020
  • 0

Бүгүн Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев республикадагы жогорку окуу жайлардын ректорлору менен жыйын өткөрдү.

БИЛИМ БЕРҮҮ МИНИСТРИ ЖОЖДОРДУН РЕКТОРЛОРУ МЕНЕН ЖЫЙЫН ӨТКӨРДҮ

Жолугушууда Министр Алмазбек Бейшеналиев мекеме тарабынан атайын Консультациялык кеңеш түзүлгөнүн айтты. Ал кеңеш Кыргыз Республикасындагы эпидемиологиялык абалды эске алуу менен алгоритм иштеп чыккан. Алгоритмдин башкы максаты – “COVID-19” инфекциясынын жайылуу коркунучун минималдаштыруу.

Иштелип чыккан алгоритмде кесиптик лицейлер, колледждер жана ЖОЖдордун студенттеринин окуусу боюнча 3 сценарий камтылган. Биринчи сценарийге ылайык студенттер толугу менен дистанциондук форматта окуйт. Студенттер 1-сентябрдан бери ушул сценарий менен окуп жатышат.

БИЛИМ БЕРҮҮ МИНИСТРИ ЖОЖДОРДУН РЕКТОРЛОРУ МЕНЕН ЖЫЙЫН ӨТКӨРДҮ

Экинчи сценарий боюнча, дистанциондук технологиялар менен салттуу окутуу айкалышат. Министрлик конкреттүү региондогу эпидкырдаалга жараша, санитардык нормаларды сөзсүз түрдө сактоо шарты менен айрым сабактарды саллтык форматта окутууга уруксат берүүнү сунуш кылган.

Үчүнчү сценарий, толугу менен салттык форматта окутуу, эпидемиологиялык абал турукташканда ишке ашышы мүмкүн. Ошол эле учурда, кириштер дене табын өлчөгүчтөр менен жабдылып, аудиториялар күн сайын санитардык тазалоодон өтүп, студенттердин жана мугалимдердин өздүк гигиенасын көзөмөлдөөгө шарттар түзүлүшү керек.

БИЛИМ БЕРҮҮ МИНИСТРИ ЖОЖДОРДУН РЕКТОРЛОРУ МЕНЕН ЖЫЙЫН ӨТКӨРДҮ

Жолугушууда Министр, алгоритмдин экинчи сценарийине ылайык, кайсы сабактарды онлайн окута берсе болоорун, кайсы сабактарды оффлайнга өткөрүү керектигин аныктап чыгуу үчүн атайын жумушчу топ түзүү тапшырмасын берди. Бул топ бир жуманын ичинде алгоритм иштеп чыгып, министрликке сунушташы керек.

БИЛИМ БЕРҮҮ МИНИСТРИ ЖОЖДОРДУН РЕКТОРЛОРУ МЕНЕН ЖЫЙЫН ӨТКӨРДҮ

Ошондой эле, билим берүү тармагын жакшыртуу максатында Министрлик тарабынан иштелип чыккан долбоорлор өлкөнүн жогорку окуу жайларына координациялоо үчүн тапшырылды.

  • “Жогорку билимди санариптештирүү” боюнча Кыргыз мамлекеттик техникалык университети;
  • “Келечектин мугалимдерин” даярдоо боюнча Кыргыз мамлекеттик университети;
  • “Заманбап окуу китептерин” түзүү боюнча Кыргыз улуттук университети;
  • “Сапаттуу билим” боюнча Борбор Азиядагы Америка университети;
  • “Билим жана коом”. Мыйзам базасын инвентаризациялоо боюнча  Ош мамлекеттик университети;
  • “Илимий өсүш” боюнча Кыргыз мамлекеттик агрардык университети;
  • “Технология жана билимдин мазмуну” боюнча Борбордук Азия университети;
  • “Эл аралык академиялык, студенттик мобилдүүлүктү камсыздоо” боюнча Мамлекеттик башкаруу академиясы (АГУПКР);
  • Өлкөнүн “PISA 2025”ке даярдануусу боюнча Ала-Тоо университети (Кыргыз билим берүү академиясы жардам берет);
  • “ЖОЖдордун рейтингин” түзүү боюнча Бишкек мамлекеттик университети;
  • “Окуу-методикалык уюмдарды кайра карап чыгуу” боюнча Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети;
  • “Эмгек рыногун анализдеп чыгуу жана адистиктерге мониторинг жүргүзүү” боюнча Кыргыз экономикалык университети менен Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы координатор болуп дайындалды.

КР БИМдин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер