БИЛИМ БЕРҮҮ БАГЫТЫНДА МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИН ӨНҮГҮШҮНӨ САЛЫМ КОШКОН ИНСАНДАР СЫЙЛАНЫШТЫ
- 30.10.2020
- 0
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 21-декабрындагы № 365 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия жөнүндө жобонун 11-пунктуна ылайык мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана тил саясатын өркүндөтүүдө кошкон зор салымдары үчүн төмөндөгү кызматкерлер Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын “Кыргыз тили” төш белгиси менен сыйланышты.
- Шаматов Дүйшөнкул – Казакстан Республикасы, Назарбаев университетинин профессору;
- Орозоваев Майрамбек – Түркия Республикасы, Ардахан университетинин Коомдук илимдер жана адабият факультетинин доценти, доктор;
- Карабаев Данияр – Борбордук Азиядагы Америка университетинин ага окутуучусу, Эркин өнөр жана илимдер факультетинин деканы;
- Мамбеталиев Аскар – Венгрия, Паннония университетинин тил саясатын изилдөөчү
Бөлүшүү

Комментарийлер