«БИЛИМ АЗЫК» ОКУУ-УСУЛДУК КЕРБЕНИ
- 14.11.2024
- 0
Ошто билим берүүнүн 100 жылдагына карата «Алтын Казык» программасын ишке ашырууга багытталган «Билим азык» окуу-усулдук кербени башталды. Ош билим берүү институту тарабынан уюштурулуп жаткан бул кербендин максаты — 12 жылдык билим берүүнүн артыкчылыктарын ачып берүү, мугалимдерге усулдук колдоо көрсөтүү, программаны ишке ашырууну тездетүүгө салым кошуу.
Аталган окуу-усулдук кербенде «Алтын казык» программасы жана анын талаптары, билим берүүнүн укуктук-ченемдик актыларына киргизилген өзгөртүүлөр, XXI кылымдын (жумшак жана катуу) көндүмөрү, жасалма интеллекттин билим берүүдөгү ролу, сабактарда STEM усулдарын колдонуу,
PISA изилдөөлөрүнө даярдык (функционалдык сабаттуулук), кызыктуу сабак өтүү үчүн заманбап усулдар, ТӨМ: жашыл көндүмдөр темаларда тренинг, мастер-класстар уюштурулат.
Ош билим берүү институтунун директору, билим берүүнүн облустук координатору Гульмира Турдубаеванын айтымында окуу-усулдук кербенинин жүрүү багыты жана убактысы төмөнкүдөй мерчемделген:
- 13-ноябрь күнү Кара-Кулжа районунда;
- 14-ноябрь күнү Алай районунда;
- 15-ноябрь күнү Өзгөн районунда жана Өзгөн шаарында;
- 16-ноябрь күнү Чоң-Алай районунда;
- 3-декабрь күнү Араван районунда;
- 4-декбарь күнү Ноокат районунда;
- 5-декабрь күнү Кара-Суу районунда өтөт.
Комментарийлер