БФЭТ – ИЙГИЛИКТҮҮ КАРЬЕРАНЫН БАШАТЫ!
- 23.07.2021
- 0
Келечегиңерди БФЭТтен куруп баштагыла!
КРПМБАнын А.Токтоналиев атындагы Бишкектеги финансы-экономикалык техникуму 2021-2022 окуу жылына 12-июлдан дистанттык режиминде https://2020.edu.gov.kg/spuz/ сайтында кабыл алат.
Контракт негизинде 9-класстын бүтүрүүчүлөрү 1-курска төмөнкү адистиктерге кабыл алат:
- “Экономика жана бухгалтердик эсеп” адистигине;
- “Каржы” адистигине:
“Бюджет жана бюджеттик эсеп” жана “Ишканалардын каржысы”
- “Банк иши”
- “Камсыздандыруу иши”
- “Менеджмент”
- “Маркетинг”
- “Салыктар жана салык салуулар”
- “Логистикадагы операциялык ишмердүүлүк”
Окуу мөөнөтү – 2 жыл 10 ай.
11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн контракт негизинде 2-курска төмөнкү адистиктерге кабыл алат:
- “Экономика жана бухгалтердик эсеп”
- “Ишканалар каржысы”
Окуу мөөнөтү: – 1 жыл 10 ай.
Арызга төмөнкү документтер кошо тиркелет:
- Паспорт же инсанды күбөлөндүргөн башка документ (көчүрмө жана түп нуска)
- Билими тууралуу документ ичмеги менен (көчүрмө жана түп нуска)
- 3х4 форматтагы 6 сүрөт
- №086-У формадагы медициналык маалым кат
- Аскерге катталуу күбөлүгү (аскерге чакырылуу курагындагы өспүрүмдөр үчүн)
- ЖРТ тастыктамасы (11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн)
Документтерди кабыл алуу 12-июлдан 31-июлга чейин.
БИЗДИН БАЙЛАНЫШТАР:
Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Чүй пр.269. Телефон: (312) 39-15-41
Е-mail: [email protected], [email protected] Сайт: www.bffet.kg
Бөлүшүү
Комментарийлер