«Улуу Алтай: түрк мурасы – 2025» эл аралык этнографиялык экспедициясы

  • 15.09.2025
  • 0
Россия менен Кыргызстандын окумуштууларынан түзүлгөн биргелешкен топко Тоолуу-Алтай университетинин, Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын тарых, археология жана этнография институту, БатМУнун Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институту, Жалал-Абаддагы Борбордук Азия медициналык университети жана Ош мамлекеттик университетинин окумуштуулары кирди. Илимий изилдөөлөр Тоолуу Алтайда Чемал жана Усть-Кан райондорунда жүргүзүлүүдө.
Буга чейин болуп келген экспедициялар Кыргызстандын Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Жалал-Абад облустарында мал чарбачылыгы маданиятын изилдешкен. Ал экспедициялардын материалдарынын негизинде «Кыргызстандын малчылары XXI кылымда» аттуу фотокөргөзмө даярдалып, Тоолуу-Алтай университетинин фойесинде ачылды.
Анын ачылышында Кыргыз УИАнын академиги А. А. Асанканов куттуктоо сөзүн айтты.
Кыргызстандык окумуштуулар Тоолуу-Алтай мамлекеттик университетинин музейлери менен да таанышты жана илимий кызматташтык боюнча сүйлөшүүлөр өткөрүлдү. (БК)
Бөлүшүү

Комментарийлер