БатМУдан жардам

  • 05.07.2024
  • 0

2024-жылдын 28-30-июнь күндөрү катуу жамгырдын кесепетинен улам сел жүрүп, бир канча адамдын өмүрүн алган Ноокат районуна жардам иретинде  Баткен мамлекеттик университетинин жамааты бир күндүк эмгек акысын которот.

БатМУдан жардам

Күтүүсүз келген табигый кырсыктан улам турак жайлар суу астында калып, инфраструктуралык кыйроолорго алып келди.  Учурда калыбына келтирүү иштери өлкө жетекчилигинин көзөмөлүндө тынымсыз жүрүүдө.

Баткен мамлекеттик университетинин жалпы жамааты бул окуядан четте калбай, бир күндүк айлык маянасын даректүү жардам катары берет.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер