БАТМУ КГПИДЕ ИЛИМ ЖУМАЛЫГЫ БАШТАЛДЫ

  • 13.04.2021
  • 0

Илимий изилдөө иштери – жогорку окуу жайдын ажырагыс бөлүгү. КГПИ ачылган күндөн тарта профессордук-окутуучулук курамы илимий изилдөө иштерин жигердүүлүк менен аткарып келүүдө.

БАТМУ КГПИДЕ ИЛИМ ЖУМАЛЫГЫ БАШТАЛДЫ

Окуу жайда 12-19-апрель күндөрү илим жумалыгы жарыяланды. Ага карата бүгүн пленардык жыйын өткөрүлүп, илимпоздор, окутуучулар жана студентердин катышуусунда кызуу талкуулар өткөрүлдү. Илим жумалыгынын ачылышында сөзгө чыккан КГПИнин директору, педагогика илимдеринин кандидаты З.Н.Максутов, филология илимдеринин кандидаты, филологиялык билим берүү кафедрасынын профессору,  Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү К.Ч.Пахыров, педагогика факультетинин деканы, физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент А.Ж.Кошуевдер жогорку окуу жайындагы илимий изилдөө иштеринин маанилүүлүгү, азыркы учурдагы өлкөбүздөгү илимий тармактын өнүгүү тенденциялары, Кыргызстандын түштүк-батыш чөлкөмүнө түрдүү багыттагы илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн зарылчылыгы тууралуу кеп козгошту.

Ал эми пленардык отурумдун баяндамалары төмөнкүлөр:

  1. Методы решения для интегральных уравнений свертки и его некоторые применение”

Сражидинов А., “ТМББ кафедрасынын доценти, ф.-м.и.к.;

  1. “Билим берүүдөгү медиа жана маалымат сабаттуулуктун маанилүүлүгү” Бекмурзаева Б.А.;
  2. “Нравственные основы личности” Балтабаева Махира,  ПББ-1-19 тайпасынын  студенти,  илимий жетекчиси: п.и.к., доцент Кашматова Ж.А.;
  3. “Глобальная проблема современного мира разрушение озонового слоя” Исакова Мохизар, БК-17 тайпасынын студенти, илимий жетекчиси: ага окутуучу Арыкова А.Т.;
  4. “Эгемендүү Кыргызстандын чек ара маселелери жана анын көйгөйлөрү” Эралиева Венера, ФМИ-20 тайпасынын  студенти,  илимий жетекчиси:  т.и.к., доцент Бердиев А.Т.

Жыйындын модератору  КГПИнин окуу жана илимий иштер боюнча директордун орун басары Н.К.Ташматова  ZOOM программасы аркылуу on-line режимде да чагылдырып барды.

13-19-апрель күндөрү төмөндөгү секцияларда профессордук-окутуучулук курамдын жана студенттердин илимий изилдөө иштеринин талкуусу өткөрүлөт.

№ 1 – Секция   «Филологиялык билим берүү»

Модератор: филол.и.к., профессор Пахыров К.

Катчы:   окутуучу  Турдыева  Д.

№ 2 – Секция   «Англис тилин окутуунун теориясы жана методикасынын  актуалдуу маселелери»

Модератор: п.и.к., доцент Каранова Т.Н.

Катчы: окутуучу Сарыбекова Г.З.

№ 3- Секция «Гуманитардык илимдер»

Модератор:  т.и.к., доцент Ураимов Ш.

Катчы: ага окутуучу Толубаева А. Ж.

№ 4- Секция «Педагогика жана психология»

Модератор:  п.и.к., доцент Миталипов К.М.

Катчы: окутуучу  Акжол к. Гулзара

№ 5- Секция “Физика-математикалык илимдер”

Модератор: ф.-м.и.к., доцент  Сражидинов А.

Катчы: окутуучу Жамшутова Б.Ж.

№ 6- Секция “Табигый илимдер”

Модератор: б.и.к., доцент Омурзакова Г.Т.

Катчы: ага окутуучу Даовлатова Ф.М.

Илим жумалыгы окуу жайдын ПО курамынын жана студенттеринин илимий изилдөөчүлүк көндүмдөрүн өнүктүрүүгө  мотивациялоо; кесиптик компетенцияларын калыптандыруу үчүн илимий-изилдөөчүлүк көз караштарын кеңейтүү; аймактардагы билим берүүдөгү  көйгөйлөрдү чечүүгө жана илимий потенциалын жогорулатууга салым кошуу максаттарын көздөп, жыл бою бул багыттагы иштер уланмакчы.

Бөлүшүү

Комментарийлер