БАТКЕНДИК ЖАШТАР АКШда ОКУЙ АЛАТ

  • 18.11.2022
  • 0

Баткен облусунун аймагындагы мектептерде иштеген англис тили мугалимдерин, окуучуларды жана студенттерди АКШ атайын гранттык программалардын негизинде окууга кабыл алууга даяр. Бул тууралуу Американын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн коомдук дипломатия боюнча кеңешчиси Миранда Люпион Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов менен болгон жолугушууда билдирди.

БАТКЕНДИК ЖАШТАР АКШда ОКУЙ АЛАТ

Андан сырткары Американын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү Баткендеги билим берүү мекемелерине англис тилин үйрөтүү боюнча атайын китептер жана керектүү окуу куралдары менен камсыздайт. Миранда Люпион студенттерге акысыз англис тилин окутуу боюнча программалар боюнча да маалымат берди. Бул тууралуу Баткен шаарынын мэриясынын маалымат катчысы Алмазбек кызы Жазгүл билдирди.

Бөлүшүү

Комментарийлер