БАЛТАГУЛ НУРУНБЕТОВ III ДАРАЖАДАГЫ “МАНАС” ОРДЕНИ МЕНЕН СЫЙЛАНДЫ

  • 18.01.2023
  • 0

БАЛТАГУЛ НУРУНБЕТОВ III ДАРАЖАДАГЫ “МАНАС” ОРДЕНИ МЕНЕН СЫЙЛАНДЫ

Тарых илимдеринин доктору, профессор Нурунбетов Балтагул III даражадагы “МАНАС” ордени менен сыйланды. Сыйлыкты Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тапшырды.

Балтагул Аттокурович көп жылдан бери Ош технологиялык университетинин коомдук илимдер кафедрасында эмгектенет. Агайдын илимге кошкон салымы, жаштарды тарбиялоодогу көп жылдык эмгеги, Кыргыз Республикасынын коомдук-саясий иштеринде жасаган иштери жогорку сыйлыкка татыктуу экендигин көрсөттү.

Балтагул Аттокурович КР эмгек сиңирген мугалими, бир нече мамлекеттик жогорку сыйлыктардын ээси, 150дөн ашык илимий эмгектин автору.

Ч.Кийизбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер