БАЛДАР ҮЧҮН ТАРТЫЛГАН “ТОРГОЙ ЫРЧЫ” ӨЗ КӨРҮҮЧҮЛӨРҮН ТАПТЫ

  • 20.11.2025
  • 0

“Манас”  кинотеатрында Сүйүнбек Касмамбетовдун нарк куржунунан, белгилүү эл жазуучусу Сулайман Рысбаевдин калемине таандык “Торгой ырчы” жомогунун негизинде “Рабаят” балдар киностудиясынын директору Бурул Асакеева кыргыз тилинде тарткан мыкты кинотасмасынын алгачкы көрсөтүүсүнүн бет ачаарын өткөрдү.

БАЛДАР ҮЧҮН ТАРТЫЛГАН “ТОРГОЙ ЫРЧЫ” ӨЗ КӨРҮҮЧҮЛӨРҮН ТАПТЫ

БАЛДАР ҮЧҮН ТАРТЫЛГАН “ТОРГОЙ ЫРЧЫ” ӨЗ КӨРҮҮЧҮЛӨРҮН ТАПТЫ

БАЛДАР ҮЧҮН ТАРТЫЛГАН “ТОРГОЙ ЫРЧЫ” ӨЗ КӨРҮҮЧҮЛӨРҮН ТАПТЫ

— Мени бүгүнкү күндө балдар үчүн тартылган тасмалар кандай болушу керек? — деген суроо кызыктырды. Бул боюнча мен өз пикиримди билдиргим келди. Албетте, балдар үчүн тартылган тасмалар замандын талабына, балдардын кызыгуусуна жана коопсуз медиа чөйрөгө туура келиши керек деп ойлойм. 8+, 11+ сыяктуу категориялардын так сакталышы, Z жана альфа мууну тез контентке көнгөн муун, ошондуктан окуя темпи кызыктуу, бирок, ашыкча чарчатпаган, 40-80 мүнөттүк форматтар болушу зарыл. Азыркы кинонун чоң тренди — эмоцияларды таануу, үй-бүлөлүк, улуттук баалуулуктар, тарбиялык мааниси зор, таза, сапаттуу, ашыкча “шоковый” эффектсиз болушу шарт. Балдар үчүн эң башкы нерсе — мазмундун коопсуздугу жана тарбиялык мааниси болду. Балдар актер болбосо да, табигый, эркин, камера алдында кыйналбаган балдардын тандалганы көрөрмандарды өзүнө тартты. Башкысы режиссердун  балдардын тилин таап, балдар менен иштей билгени. Балдар чоңдорго караганда бат чарчайт. Ошол себептүү, балдардын эмоциясын тартуу үчүн оюн аркылуу, тасмага тартуу, кадрды табигый чыгаруу ыкмасын колдонгону керемет  болду.  Ал эми тарбиялык жана психологиялык жактан алып караганда, бул тасма психолог, педагог жана медиа адис тарабынан талкууга алынса деген оюм бар. Кыскасы, жагымдуу, ыңгайлуу шартта, бул тасма өзүнүн көрүүчүлөрүн тапты деп ойлойм. Башталган ар бир иш ийгилик менен коштолсун! Балдар үчүн, билим үчүн, маданият үчүн жасап жаткан режиссер эженин эмгеги майнаптуу болуп, көптөгөн жүрөктөргө жарык чачып турсун. Ар күнү кубанычка, жаңы мүмкүнчүлүктөргө жана жакшы адамдарга толсун! – дейт көрөрман Айдай Бекбоева.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер