БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК АРХИТЕКТОРЛОР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

  • 09.10.2023
  • 0

Ош шаарындагы гуманитардык-технологиялык колледжинин курулуш кафедрасы Бүткүл дүйнөлүк архитектура күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өткөрдү. Ага Кыргыз Республикасынын архитекторлор союзунун мүчөлөрү Ош шаарынын көрүнүктүү архитекторлору жана, кафедранын жалпы жамааты жана студенттер катышты.

БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК АРХИТЕКТОРЛОР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Колледждин кафедра башчысы Э.Сатимбеков салтанаттын катышуучуларын архитектура күнү менен куттуктап, келген конокторго ыраазычылык билдирди. Коноктор архитектура багытында билим алып жаткан студенттердин колунан жаралган эмгектердин көргөзмөсүнө күбө болушуп, өз бааларын беришти.

БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК АРХИТЕКТОРЛОР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Салтанаттын соңунда окууда жана колледждин коомдук турмушуна активдүү катышкан студенттерге ыраазычылык баракчалары, грамоталар тапшырылды.

Бөлүшүү

Комментарийлер