БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРДӨН МЕКТЕПКЕ БЕЛЕК
- 29.05.2023
- 0
Баткен шаарынын В.И.Ленин атындагы орто мектебин 20 жыл мурда аяктаган 1985-жылы туулган бүтүрүүчүлөр биригип жаш жеткинчектердин келечегине, татыктуу билим алуусуна салым кошуу максатында мектепке заманбап үлгүдөгү 3 даана селкинчек орнотуп беришти. Ошондой эле мектеп китепканасына китептерди белек кылышты.
Муну менен катар мектепти 10, 30 жыл мурда бүткөн бүтүрүүчүлөр мектебине жана мугалимдерине түрдүү белектерди берип, каалоо тилектерин айтып кубандырышты.
Бүтүрүүчүлөрүбүздүн кол кабыш кылып, көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдиребиз!
Фуркат АВЛИЁЕВ, Баткен шаары
Бөлүшүү
Комментарийлер