БӨБӨКТӨР STEAM СЫНАГЫНДА КҮЧ СЫНАШТЫ
- 31.05.2024
- 0
Бишкек шаарындагы №62 мектепте бала бакчанын тарбиялануучулары арасында илимий-практикалык чыгармачылыкты жана инновацияга кызыгууну жайылтууга багытталган STEAM технологиялары боюнча сынак өттү.
Үч номинация боюнча өткөн сынакка шаардык бала бакчалардын 6-7 жаштагы балдары катышты.
Натыйжада “Робочычкан” номинациясында 1-орунду №71 бала бакча, экинчи орунду №18 бала бакча жана үчүнчү орунду №49 бала бакча ээледи. Сынактын алкагындагы экинчи “Лего Мастер” номинациясы боюнча 1-орун — №64 бала бакчага, 2-орун — №61 бала бакчага жана 3-орун — №35 бала бакчага ыйгарылды.
“Мультфильм студиясында” эң мыкты деп эсептелген №18 бала бакча биринчи орунга озуп чыкты. 2-орунга — №4 бала бакча жана 3-орунга №61 бала бакчасы татыктуу болду.
Жеңүүчүлөргө баалуу сыйлыктар жана сертификаттар тапшырылды.
Кошумчалай кетсек, баш калаабыздагы 96 муниципалдык бала бакчанын 12 бала бакчасы STEAM активдүү өнүгүүдө.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер