АЗИЯ ӨНҮКТҮРҮҮ БАНКЫНЫН ДЕПАРТАМЕНТИНИН ДИРЕКТОРУ СОФИЯ ШАКИЛ ДОЛБООРДУН ИШИНИН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫНА КАНААТТАНГАНДЫГЫН БИЛДИРДИ

  • 17.01.2024
  • 0

Азия өнүктүрүү банкынын социалдык өнүктүрүү департаментинин директору София Шакил, АӨБдүн Маниладагы кеңсесинин өкүлү Маматкалил Раззаев, АӨБдүн Бишкектеги кеңсесинин кызматкери Бактыгүл Өмүрзакова «Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр» долбоорунун иши менен таанышуу максатында долбоордун пилоттук окуу жайларынын бири – Бишкектеги архитектура, курулушта жана менеджмент колледжинде болушту.

АЗИЯ ӨНҮКТҮРҮҮ БАНКЫНЫН ДЕПАРТАМЕНТИНИН ДИРЕКТОРУ СОФИЯ ШАКИЛ ДОЛБООРДУН ИШИНИН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫНА КАНААТТАНГАНДЫГЫН БИЛДИРДИ

Делегация окуу жайдын студенттери, кызмакерлери, социалдык өнөктөштөрү жана иш берүүчүлөр менен жолугуп, долбоорундун алкагында Азия өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен реконструкцияланган колледжди карап чыгышты.

“Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун менеджери Нурлан Атаканов жасалган иштердин жыйынтыктары тууралуу маалымат берди. София Шакил долбоордун ишинин жыйынтыктарына канааттангандыгын билдирди.

Белгилей кетсек, 37 кесиптик лицей жана колледж Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Азия өнүктүрүү банкынын каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун пилоттук окуу жайлары болуп саналат.

Бөлүшүү

Комментарийлер