АЙТМАТОВ ДҮЙНӨСҮНӨ САЯКАТ
- 12.12.2025
- 0
12-декабрь – Улуттук адабият күнүн утурлай «Айтматов дүйнөсү» аталышындагы «Акыл ордо» интеллектуалдык таймашы Кара-Көл шаарындагы Шопоков атындагы №4 жалпы орто билим берүүчү мектебинде 10-класстардын «Ак кеме» жана «Жамийла» топторунун ортосунда болуп өттү.

Сынакты адегенде эки топ өздөрүнүн атын коргогон саламдашуу менен баштап, залкар жазуучунун чыгармалары боюнча жасап келген макеттерин жактап беришти. Андан кийин «Залкар жазуучунун өмүр жолу», «Чыгармалары», «Кинотасмалары», «Ооба же жок», «Каармандар» сыяктуу категориялар боюнча түзүлгөн суроолор экранда көрсөтүлүп, жооптор упайлар менен дароо бааланып турду.

Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө белектер, грамоталар тапшырылып, бул сынакты жогорку деңгээлде уюштуруп, алып барган Билим берүүнүн мыктысы, кыргыз тили мугалими Жолоева Нурситага администрация тарабынан ыраазычылык айтылды. Окуучулар бул күнү Айтматов ааламына саякат жасап, жазуучунун өлбөс-өчпөс чыгармаларынан дагы терең маалымат алып, тапкычтыгын,
ой жүгүртүүсүн өнүктүрүп, сахна төрүндө өз өнөрлөрүн чеберчилик менен тартуулашып, «Акыл ордо» келечекке карай жол көрсөткөн жарык жана акылдын шамы экенин далилдешти.

P.S. Бул кызыктуу иш-чара 2025-жылдын 7-октябрындагы КРнын Президентинин
«Ч.Айтматовдун 100 жылдыгын белгилөө жөнүндөгү» Жарлыгына ылайык уюштурулду.
Байыш МҮСҮРАЛИЕВ, Кара-Көл шаары
Комментарийлер