“Айтматов ааламы” 

  • 11.12.2025
  • 0

2025-жылдын 9-декабрында баш калаадагы №21 жалпы билим берүү мектебинде Улуттук адабият күнүнө арналган, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын даңазалаган “Айтматов ааламы” аттуу адабий иш-чара болуп өттү.

7-9-10-11-класстын окуучулары тарабынан жазуучунун «Ак кеме», «Тоолор кулаганда», «Жамийла», «Бетме-бет», «Кызыл алма», «Гүлсарат», «Биринчи мугалим», «Эрте келген турналар», «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт «, «Саманчынын жолу » чыгармаларындагы каармандарды камтыган жандуу музей уюштурулуп, конокторго Айтматов дүйнөсүнөн алынган образдар жандуу түрдө тартууланды.

Ошондой эле Ч. Айтматов, Б. Бейшеналиева жана М. Шахановдун образдары сахналаштыруу көрсөтүлүп, көрүүчүлөргө терең таасир калтырды. Иш-чара “Ысык-Көлдү сагынуу” жана башка ырлар менен коштолуп, адабий кечеге өзгөчө көрк кошту.

Адабий иш чаранын атайын коногу котормочу, журналист жана Ч.Айтматовдун замандашы Абибилла Пазылов менен мектеп жетекчиси Жеңиш уулу Азим жазуучу тууралуу маек курушуп, окуучулардын суроолоруна коногубуз жооп берди. (КС)

Бөлүшүү

Комментарийлер