АЙРЫМ МЕКТЕПТЕР ОНЛАЙН ОКУТУУГА ӨТҮП, БАЛА БАКЧАЛАР ЖАБЫЛДЫ
- 17.01.2023
- 0
Билим берүү жана илим министрлиги 17-январда тарта Жалал-Абад, Талас, Чүй облустарындагы бир катар мектептер онлайн окутууга өтүп, айрым бала бакчалар жабылгандыгын маалымдайт.
Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө органдарынын санитардык көрсөтмөлөрүнө ылайык, онлайн окутууга өткөн мектептер:
- Жалал-Абад шаарындагы мамлекеттик мектептер;
- Көк-Жаңгак шаарындагы мектептер;
- Таш-Көмүр шаарындагы 6 мектеп;
- Талас облусунун Бакай-Ата районундагы 1 мектеп жана 1 мектептин 2-корпусу;
- Чүй облусунун Жайыл районундагы 11 мектеп
Кара-Көл шаарындагы – 2, Таш-Көмүр шаарындагы – 3, Бакай-Ата районундагы –1 жана Жайыл районундагы – 5 бала бакча жабылды.
Бөлүшүү
Комментарийлер