АЯЛДАР ФОРУМУ ӨТӨТ
- 27.11.2024
- 0
Кыргызпатентке караштуу Инновациялык борбор 29-ноябрда “Аялдар ойлоп табуучулукта, илимде, креативдүү индустрияда жана ишкерликте” деген аталыштагы ири иш-чара өткөрөт. Бул тууралуу борбордун басма сөз кызматы кабарлады.
Иш-чарага жашоодо жана бизнесте активдүү позициясы бар, ар кайсы тармактарда ишкер же кызматкер катары өзүн көрсөтө алган айымдар катышуусу күтүлүүдө.
Форумдун негизги максаты – аялзатынын илимий жетишкендиктерин, коомдун өнүгүшүнө айымдардын кошкон салымын даңазалоо жана кеңири жайылтуу, тажрыйба алмашуу аркылуу алардын кесипкөйлүгүн арттыруу жана өз ара кызматташууну өнүктүрүү.
Форумду уюштуруучулардын айтымында, аялдар форуму коомдогу аялдардын ролун талкуулоо аянтчасы катары алардын башын бириктирип, шыктандырып, коомдук активдүү жана ишкер айымдардын эмгегин даңазалоого салым кошмокчу.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер