АВГУСТ ФОРУМУНДА ЭНЕРГЕТИКА ҮЧҮН КАДРЛАРДЫ ДАЯРДОО БОЮНЧА МЕМОРАНДУМГА КОЛ КОЮЛДУ

  • 18.08.2025
  • 0

Бүгүн, 18-августта Ош шаарында өтүп жаткан “Алтын Казык – доор өзгөрткөн билим” август педагогикалык форумунда Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги менен Энергетика министрлигинин ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

АВГУСТ  ФОРУМУНДА ЭНЕРГЕТИКА ҮЧҮН КАДРЛАРДЫ ДАЯРДОО БОЮНЧА МЕМОРАНДУМГА КОЛ КОЮЛДУБул Меморандум өлкөнүн стратегиялык маанилүү тармактарынын бири – энергетика үчүн квалификациялуу жумушчу кадрларды даярдоодо жаңы баракты ачмакчы.  Бүгүнкү күндө бул тармак активдүү өнүгүү этабын башынан өткөрүп жатат. Өлкө аймагында жаңы гидроэлектростанциялар курулууда, иштеп жаткан энергообъекттер модернизацияланып,  масштабдуу инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылып жатат. Ошондуктан мунун баарына заманбап жабдуулар жана технологиялар менен иштөөгө жөндөмдүү көптөгөн кесипкөй адистерди талап кылат.

АВГУСТ  ФОРУМУНДА ЭНЕРГЕТИКА ҮЧҮН КАДРЛАРДЫ ДАЯРДОО БОЮНЧА МЕМОРАНДУМГА КОЛ КОЮЛДУМеморандумда адистерди даярдоонун кадамдарынын бүтүндөй бир комплекси каралган. Бул – билим берүү программаларын энергетика тармагынын муктаждыктары менен синхрондоштуруу, алдыңкы технологияларды эске алуу менен окуу пландарын жаңылоо, окуучуларды практикалык жактан даярдоону кеңейтүү маселелери болуп саналат. Ошондуктан кесиптик лицейлердин окуучулары окуу маалында эле реалдуу көндүмдөрдү жана тажрыйбаларды алуусу үчүн энергетика ишканаларында өндүрүштүк практикаларды уюштуруу пландалууда. Педагогдор жана өндүрүштүк окутуу чеберлери берген билим заманбап жана суроо-талапка ээ болушу үчүн алардын квалификациясын жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулууда.

АВГУСТ  ФОРУМУНДА ЭНЕРГЕТИКА ҮЧҮН КАДРЛАРДЫ ДАЯРДОО БОЮНЧА МЕМОРАНДУМГА КОЛ КОЮЛДУНатыйжада квалификациялуу адистердин санынын өсүшү, жумушчу кадрларды даярдоонун сапатынын жогорулашы жана окуу программалары менен иш берүүчүлөрдүн талаптарынын ортосундагы ажырымдын азайышы күтүлөт. Кесиптик лицейлердин бүтүрүүчүлөрүнө кесиби боюнча жумуш табуу оңой болот, ал эми энергетика тармагы даярдалган кадрлардын жоопкерчилигин жогорулатып, адистик деңгээлин арттырат.

АВГУСТ  ФОРУМУНДА ЭНЕРГЕТИКА ҮЧҮН КАДРЛАРДЫ ДАЯРДОО БОЮНЧА МЕМОРАНДУМГА КОЛ КОЮЛДУБүгүнкү күндө Кыргызстандын башталгыч кесиптик билим берүү тармагы 93 окуу жайды камтыйт. Аларда 26 миңге жакын адам – болжол менен 15-17 жаштагы жаштардын жети пайызы билим алат. Окутуу 120 жумушчу кесип, анын ичинде жеңил өнөр жай, IT, курулуш жана энергетика, боюнча жүргүзүлөт. Энергетика тармагы үчүн кадрларды даярдоо туруктуу өсүштү көрсөтүүдө: эгерде 2023-жылы 721 адам бүтүрүүчү болсо, 2024-жылы алардын саны 853кө чейин көбөйгөн. Ал эми 2025-жылы 1093 окуучу окуп, атайын даярдыктан өткөн. Энергетика тармагы үчүн адистерди даярдоо 24 кесиптик лицейде жүзөгө ашырылат. Аларда окуу программалары дайыма жаңыланып, толукталып турат. Ал эми ишканалар менен тыгыз кызматташтык практикадан өтүүнү камсыз кылат жана бүтүрүүчүлөрдүн реалдуу иш шарттарына тез ыңгайлашуусуна өбөлгө түзөт.

Агартуу министрлиги менен Энергетика министрлигинин ортосундагы меморандумга кол коюлушу – билим берүү экономиканын өнүгүүсү менен жанаша жүрүшү үчүн, ал эми жаш адистер диплом гана албастан, өз келечегине ишеним артуусу үчүн маанилүү кадам болуп саналат.

Кабыл Макешов, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер