АУТИЗМДИН ӨЗГӨЧӨЛҮГҮН КЫРГЫЗЧА СҮЙЛӨТКӨН КИТЕПТЕР

  • 24.07.2023
  • 0

Бишкекте аутизм менен жашоонун эмне экендигин жалпак тил менен кыргыз тилинде биринчи түшүндүргөн эки китептин бет ачаары болду.

АУТИЗМДИН ӨЗГӨЧӨЛҮГҮН КЫРГЫЗЧА СҮЙЛӨТКӨН КИТЕПТЕР

“Аутизм менен жашоо” деп аталган чакан китепте аутизм спектринин белгилери, ага кирген балдар же чоңдорго кандай мамиле кылуу керектиги тууралуу кыскача кеңештер бар.

Анын автору журналист Бактыгүл Чыныбаева. Ал аутизм диагнозу коюлган уулун чоңойтуп өстүргөндөгү жеке тажрыйбасына таянып, бул китепти жазган.

АУТИЗМДИН ӨЗГӨЧӨЛҮГҮН КЫРГЫЗЧА СҮЙЛӨТКӨН КИТЕПТЕР

“Биз Урматтын абалы тууралуу ачык айтып баштагандан бери бизге аябай көп ата-энелер көп жазышат. Кыргыз тилинде таптакыр маалымат жок аутизм жөнүндө. Ал инфекциялык оорубу деп жазган ата-энелер да болду. Урматтын аркасы менен биз аябай көп нерсени үйрөндүк. Адамдарга карата мамилени, боорукерликти, эстүүлүктү  үйрөндүк. Эң негизгиси биздин билим деңгээлибиз улам-улам жогору болуп келатат. Өзүбүздүн эле башыбыздан өткөн кичинекей нерселерди жаздык”,-деди Бактыгүл.

Экинчи китеп Бактыгулдүн кызы, АКШдагы Сент Жонс коллежинин студенти Зейнеп Ибрагим кызынын “Өзгөчө бөбөгүм” деп аталган китеби. Анын өзгөчөлүгү англисче-кыргызча тилдерде катар жазылганында.

“Аутизм жөнүндө серия китеп менен мен Кыргызстандын балдарына, келечектеги депутаттарына, мугалимдерге, катардагы жарандарга мындай балдарга чыдамдуулукту, түшүнүүнү жана сыйлоону үйрөткүм келет. Мен Кыргызстанда экенде мектептеги досторума түшүндүрө албай койгом. Менин бөбөгүм ыйлап жатканда мен ары-бери өткөн кишилерден аябай уялчумун. Мени жаман көз менен карашчу. Аутизм жөнүндө өз тилибизде жөнөкөй маалымат керек экен деп ойлочумун”,-деди Зейнеп.

Китеп аутизмди таануу биримдигинин демилгеси жана  Projects-for-Peace грантынын колдоосу менен басылды жана мындан ары серия түрүндө уланмакчы. (КС)

Бөлүшүү

Комментарийлер