АТА-ЭНЕЛЕР ЗОМБУЛУККА КАРШЫ

  • 20.02.2025
  • 0

Кара-Балта шаарындагы № 4 орто мектебинде «Үй-бүлөдөгү гармония – баланын жашоосундагы эң маанилүү талап» темасындагы семинар-тренинг  болуп өттү.

АТА-ЭНЕЛЕР ЗОМБУЛУККА КАРШЫ

Бул тарбиялык таасири күчтүү иш-чара коомдо орун алган кылмыштуулуктун, зордук-зомбулуктун жана башка негативдердин алдын алуу үчүн үй-бүлөдөгү психологиялык климатты жакшыртуу максатында ата-энелер менен класс жетекчилер үчүн уюштурулуп өткөрүлдү.
Семинар-тренингде балага тарбия берүү үй- бүлөдөн башталаары, үй-бүлөдөгү психологиялык климаттын өспүрүм курактагы балдарга тийгизген таасири жөнүндө кенен маалымат берилип, жагымдуу психологиялык көнүгүүлөр жасалып, эң пайдалуу болду. Ата-энелер  семинардагы алган маалыматтар пайдалуу болгондугун айтышып, мектеп мугалимдерине өз ыраазычылыктарын  билдиришти.

АТА-ЭНЕЛЕР ЗОМБУЛУККА КАРШЫ

Нуриза БОЛОТБЕКОВА, Кара-Балта шаары

Бөлүшүү

Комментарийлер