АТ-БАШЫ: БАШ-КАЙЫНДЫ АЙЫЛЫНДАГЫ БАЛА БАКЧАНЫН КУРУЛУШУ УЛАНУУДА

  • 19.09.2025
  • 0

Ат-Башы районуна караштуу Баш-Кайынды айылында жаңы бала бакча курулуп жатат. Наркы 71 миллион сомду түзгөн долбоор Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.

АТ-БАШЫ: БАШ-КАЙЫНДЫ АЙЫЛЫНДАГЫ БАЛА БАКЧАНЫН КУРУЛУШУ УЛАНУУДА

АТ-БАШЫ: БАШ-КАЙЫНДЫ АЙЫЛЫНДАГЫ БАЛА БАКЧАНЫН КУРУЛУШУ УЛАНУУДА

АТ-БАШЫ: БАШ-КАЙЫНДЫ АЙЫЛЫНДАГЫ БАЛА БАКЧАНЫН КУРУЛУШУ УЛАНУУДА

Маалыматка таянсак, азыркы тапта курулуш иштери 70 пайызга жакын бүткөрүлдү. Жалпы аянты 1052 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу имарат 120 орунга ылайыкталып, заманбап талаптарга жооп берген шарттар менен камсыздалат.

Бул долбоорду ишке ашыруу айылдагы инфратүзүмдү жакшыртууга багытталган.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер