Аскер лицейинде «Акыл эмгегинин маданияты» сабагы болду
- 15.09.2025
- 0
Бишкек шаарындагы Д.Асанов атындагы Улуттук аскер лицейинде Кыргызстандын эмгек сиңирген мугалими, педагогика илимдеринин кандидаты Гапыр Мадаминов «Акыл эмгегинин маданияты» усулунун негизинде өзгөчө сабак-лекция өткөрдү.

Лекцияга 300гө жакын курсант, офицерлер жана мугалимдер катышып, устат мугалимдин акыл-кеңештерин угушту.
Курсанттардын каалоосу боюнча мындан ары «Акыл эмгегинин маданияты» сабагы системалуу түрдө өтүлө турган болду.
Бул сабак жаш муундардын улуттук нарк-дөөлөт менен ширелген заманбап билим алуусуна чоң өбөлгө болмокчу. (БК)
Бөлүшүү
Комментарийлер