АРТЕМ НОВИКОВ: БАЛДАР ҮЙҮНҮН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ЖОЖДОРГО ЖАНА КОЛЛЕДЖДЕРГЕ МИЛДЕТТҮҮ ТҮРДӨ ТАПШЫРУУСУН КАМСЫЗДОО ЗАРЫЛ

  • 17.03.2021
  • 0

Кыргыз Республикасындагы балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү ЖОЖдорго жана орто кесиптик окуу жайларга милдеттүү түрдө тапшыруусун камсыздоо зарыл. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүн билим берүү, эмгекке орноштуруу, турак-жай менен камсыздоо жана андан аркы интеграциялоо маселелерин талкуулоо боюнча кеңешменин жүрүшүндө билдирди.

«Бизде мыйзам жүзүндө, Өкмөттүн деңгээлинде балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүн мамлекет тараптан турак-жай менен камсыздоо жаатында көптөгөн программалар кабыл алынган. Буга катар бүгүнкү күндө балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүн жогорку окуу жайларда окутуунун кепилденген механизмдери, андан ары эмгекке орноштуруу кепилдиги  жок. Ошол эле учурда энергетика, ветеринария, билим берүү тармагында адистердин жетишсиздиги орун алгандыгын айтып келебиз. Балдар мекемеден чыгарылган соң тармактык кызматтар аркылуу алардын келечек тагдыры жана эмгекке орноштуруу боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлбөйт», — деди Артем Новиков.

АРТЕМ НОВИКОВ: БАЛДАР ҮЙҮНҮН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ЖОЖДОРГО ЖАНА КОЛЛЕДЖДЕРГЕ МИЛДЕТТҮҮ ТҮРДӨ ТАПШЫРУУСУН КАМСЫЗДОО ЗАРЫЛ

Белгиленгендей, социалдык мекемелердин бүтүрүүчүлөрү жашаган орду боюнча учетко турууда, паспорт алууда кыйынчылыктарга туш болушат, мектептеги төмөнкү сапаттагы билими ЖОЖдорго тапшырууга мүмкүндүк бербейт, ошол эле учурда турак-жай маселеси келип чыгат.

«Алардын сойкулукка, кылмыш дүйнөсүнө тартылышы тууралуу жаңылыктарды угуп, таң калабыз. Эгерде мамлекет тараптан алардын жашоодогу ордун табуусуна шарт түзүлүп берилбесе, алар кандай кылышы керек?», — деди Артем Новиков.

Биринчи вице-премьер-министр Билим берүү жана илим министрлигине, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине үстүбүздөгү жылдын апрель айында балдар үйүнөн чыккан абитуриенттерди ЖОЖго тапшырууга тийиштүү деңгээлде даярдап чыгуу маселесин иштеп чыгууну тапшырды. Үстүбүздөгү жылдын июль айында жатаканада орун берилүү менен ЖОЖдордогу 100 кем эмес гранттык орун камсыздалышы тийиш. Колледждер жана кесиптик окуу жайлар ишканалар менен өз бүтүрүүчүлөрүн адистиктери боюнча ишке орноштуруу маселесин иштеп чыгуусу тийиш. «Мыкты натыйжаларга ээ болгон балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү квоталардын алкагында чет элдик ЖОЖдорго окууга жөнөтүлөт, кайткандан кийин кепилденген түрдө Кыргыз Республикасында ишке орноштурулат. Биз кадрларды бөлүштүрүү тутумун, аны алгачкы баскычта  балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү үчүн калыбына келтирүүбүз керек», — деп жыйынтыктады Артем Новиков.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер