АРАЛЫКТАН ЫР ОКУГАН АГАРТУУЧУЛАР

  • 30.05.2020
  • 0

Бишкек шаардык борборлоштурулган китепканалар тармагынын кызматкерлери Кара-Балта шаарындагы жана Жайыл районундагы ыр жандуу мугалимдер жана окуучулар менен аралыктан поэзия кечесин өткөрүштү.

Кечени ачкан КР Билим берүүсүнүн мыктысы, акын Догдурбек Юсупов, аталган китепкананын аткарып жаткан иштери менен тааныштыруу үчүн алгачкы сөздү шаардык китепканалар тармагынын директору Кулсайра Дандыбаевага берди. Ал Бишкек шаарындагы 28 китепкананын жүргүзүп жаткан иштерин кеңири баяндаган соң, кеп кезегин карабалталыктарга узатты.

Панфилов районунун Эркин-Сай орто мектебинде жана Кара-Балта шаарындагы медициналык колледжде узак жылдар бою иштеген ардагер тарых мугалими Ашымалы Сыдыковду жердештери акын катары да жакшы таанышат. Анын буга чейин төрт ыр китеби жарык көргөн. Ыр сүйүүчүлөргө ал «Ак калпак» жана «Мен жана галстук» деген ырларын окуп берди. Ал эми узак жылдар бою Жайыл районундагы Ак-Башат орто мектебинде эмгектенген ардагер-педагог Торокан Камчыбекова «Чыйырчык» аттуу ырын көрүүчүлөргө тартуулады.

Дагы бир ыр жандуу агартуучу, Кара-Балта шаарындагы орто мектептин директорунун тарбия иштери боюнча орун басары, Борбордук Азия жазуучулар союзунун мүчөсү Изати Белекова — эки ыр жыйнагынын автору. Мындан тышкары, соцтармактарга жарыяланган ырлары аркылуу поэзия күйөрмандарына жакшы тааныш. Анын окуган «Сүйүп турам» жана «Күндөр» деген ырлары көпчүлүктүн кызыгуусуна арзыды. Кара-Балта шаарындагы № 11 орто мектебинин 5-классынын окуучусу Жаңылай Жанышова чон атасына арнаган ырын жогорку көркөмдүктө окуп берди.

Кеченин акырында обончу жана мугалим Мирбек Толбаевдин «Кара-Балта» аттуу обондуу ыры жаңырды.

 

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер