И. АРАБАЕВ АТЫНДАГЫ КМУ АККРЕДИТАЦИЯДАН ӨТТҮ

  • 11.03.2020
  • 0

4-5-мартта И.Арабаев атындагы КМУнун 26 программасы «Билим стандарт» көз карандысыз аккредитация агенттиги тарабынан аккредитациядан ийгиликтүү өттү.

И. АРАБАЕВ АТЫНДАГЫ КМУ АККРЕДИТАЦИЯДАН ӨТТҮ

Аккредитациялык ишти аталган агенттиктин директору Эрик Эсентаевдин төрагалыгында түзүлгөн 17 кишиден турган эксперттик комиссия текшерди. Алгачкы күнү университеттин материалдык-техникалык абалы менен таанышып, сабактарга катышып, студенттер, окутуучулар, бүтүрүүчүлөр, иш берүүчүлөр менен сүйлөшүп, университет тууралуу алардын ой-пикирлерин угушса, 5-мартта эмгек жамаат менен жолугуп, тийиштүү суроолорго жооп ала алышты. Күндүн экинчи жарымында окуу жайдагы жалпы кагаз иштерин, документацияларды дыкат текшеришти. Жыйынтыгында бардык программаны өткөрүштү.

И. АРАБАЕВ АТЫНДАГЫ КМУ АККРЕДИТАЦИЯДАН ӨТТҮ

Эскерте кетсек, былтыр ушул эле көз карандысыз агенттик тарабынан магистратура программасы аккредитациядан өткөн.

Бөлүшүү

Комментарийлер