АР БИР МУГАЛИМГЕ – НОУТБУК

  • 08.12.2023
  • 0

АР БИР МУГАЛИМГЕ – НОУТБУК

Билим берүү тармагында жигердүү санариптештирүү саясаты башталды. Билим берүү жана илим министрлигинин алдында “Санариптик билим берүү борбору” мамлекеттик мекемеси да түзүлгөн.

Санариптик трансформация

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кабыл алынган “Билим берүү жөнүндө” жаңы мыйзамын ишке ашырууга байланыштуу катышкан жыйында дүйнөдө билим берүү түшүнүгү толугу менен өзгөрүп жатканын баса белгиледи. Мугалим окуучунун талантына жараша багыт берип, ар бирине индивидуалдуу мамилени таап, ресурстарды, маалыматты кайдан издөө керектигин, эң негизгиси жаңы билимди жаратуу керектигин көрсөтүүсү зарыл экенин айтты. Ошол себептүү Министрлер Кабинети этап-этабы менен мектептин санариптик трансформациясын ачып жатат.

– Биринчи этапта ар бир мугалимди ноутбук менен камсыз кылып, аларды кайра даярдообуз зарыл. Мугалимдер ар бир айылда, ар бир шаарда эң алдыңкы адамдардан болууга тийиш. Андан соң ар бир балага ноутбук алып берели деген пландарыбыз бар. Мындай учурда алардын ар биринин жеке мугалими болуп, билим алууда күнү-түнү мүмкүнчүлүк түзүлөт, — деди ал.

Жакында Жогорку Кеңештин “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ишеним” парламенттик фракцияларынын жана “Мекенчил” депутаттык тобунун кошмо жыйынында билим берүү жана илим министри Д.Кендирбаева “Кыргыз Республикасындагы билим берүү тармагынын учурдагы абалы жана билим сапатын жогорулатуу үчүн тармакты реформалоо жолдору” боюнча жасаган баяндамасында «Кыргызтелеком» ачык акционердик коому менен түзүлгөн келишимге ылайык, өлкөдөгү 2350 мектептин ичинен 2145 мектеп же 91,2% Интернетке туташтырылганганын белгиледи. (1855 мектеп мамлекеттик/муниципалдык, Бишкек шаарында 104 мектеп мамлекеттик/муниципалдык жана 186 мектеп жеке менчик).

– Дүйнөлүк банктын долбоорунун алкагында 1200 мектепте атайын компьютердик класстар түзүлдү. Мектептер 25000 компьютер, эмеректерди, сканерлерди, принтерлерди, көчүрмө жабдууларын алды жана мультимедиалык класстар ачылды. Бул бардык негизги предметтерди окутууда математикага, илимий жана табигый циклдин предметтерине өзгөчө көңүл буруу менен электрондук материалдарды колдонууга мүмкүндүк берет. Депутаттардын суроо-талабы боюнча 90% компьютерлер сиздер белгилеген мектептерге жөнөтүлдү. Санариптештирүүнүн деңгээлин жогорулатуу максатында мектептерге жана кесиптик лицейлерге Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинен 2000 ноутбук алынып, алар мектептерге жеткирилди, — деди Д.Кендирбаева.

Министрликтин санарип боюнча башкармалыгынын башчысы Нурлан Шаршенбай уулунун маалыматы боюнча, ушу тапта мугалимдер үчүн адистештирилген ноутбуктарды алуу пландаштырылып жатат (алдын ала сатып алуу баасы 1 млрд 40 млн сом).

– Билим берүү жана илим министрлигинин алдында “Санариптик билим берүү борбору” мамлекеттик мекемеси түзүлдү. Башкаларга көз каранды болбогон Борборду түзүүнүн негизги максаты – окуунун натыйжалуулугун жогорулатуучу жана билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүчү санариптик инструменттерди жана платформаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, ошондой эле учурдагы маалыматтык системаларды өнүктүрүү жана техникалык колдоо, — дейт башкармалыктын
башчысы.

Окутуу аянтчасы

Адистердин маалыматы боюнча, Президенттик «Акылман» лицейи акыркы педагогикалык жана санариптик окутуу технологиялары үчүн аянтча болуп саналат.

– Биздин план – эң алдыңкы санариптик педагогикалык технологияларды тездетип киргизүү, эң маанилүүсү студенттик стартап менен ата мекендик контентти, ошондой эле маанилүү — конкреттүү көйгөйлөрдү чечүү үчүн студенттик стартаптарды иштеп чыгуу. Мисалы, кыргыз тилиндеги мобилдик өнүктүрүүчү окуу колдонмолору. Толук база санариптештирүү реестри болушу керек. Биринчи иретте электрондук күндөлүк системалар аркылуу ишке ашат. Мугалимдер, балдар тууралуу маалыматтар айкалышат. Мугалимдерге болгон жүк справкаларды алуу, формалдык отчетторду жоюу боюнча да иштер жүрүп жатат, — дейт Н. Шаршенбай уулу.

Санариптик экосистема

Азыркы учурда санариптик билим берүүнүн экосистемасынын архитектурасын иштеп чыгуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Система бала бакчадан баштап колледжди, университетти аяктаганга жана жумушка орношконго чейинки адамдын толук жолун көзөмөлдөөгө жардам бериши керек.

Бул үчүн билим берүүнү санариптештирүүнүн базасы үч негизги электрондук реестрди түзүү болушу керек: 1) бардык бала бакчалардын, мектептердин, кесиптик лицейлердин, колледждердин жана жождордун окуучуларынын бирдиктүү реестри, 2) мугалимдердин жана окутуучулардын реестри, 3) бардык билим берүү уюмдарынын реестри.

Бул реестрлерде маалыматтарды чогултуу: биринчиден, «Электрондук күндөлүк», «Мектепке электрондук кабыл алуу», «Кадрлардын резерв системасы» ж.б. сыяктуу тиркемелер жана системалар аркылуу ишке ашырылат. Экинчиден, буга чейин балдар жана мугалимдер тууралуу көптөгөн маалыматтарды чогулткан башка министрликтердин жана ведомстволордун маалымат базалары менен интеграциялоо аркылуу ишке ашырылат.

Билим берүүнү башкаруу процесстерин санариптештирүү мугалимдер азыр даярдап жаткан отчеттордун санын азайтат, коррупциялык тобокелдиктерди жок кылат жана мониторинг иш-чараларына кеткен чыгымдарды азайтат.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер