Андижандык студенттер КӨЭУда
- 10.02.2025
- 0
Эки тараптуу түзүлгөн келишимдин алкагында Андижан мамлекеттик педагогикалык институтунун кыргыз тили жана адабияты багытында билим алган 13 студент академиялык мобилдүүлүк боюнча Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетине келишти.

Алар менен окуу жайдын ректору Абдилбает Мамасыдыков, эл аралык байланыштар жана стратегиялык өнүгүү боюнча проректор Аида Балтабаева, тарых-филология факультетинин деканы, кыргыз филология кафедрасынын башчысы жолугуп, эки окуу жайдын достук мамилелери боюнча сөз кылып, студенттердин окууларына ийгиликтерди каалашты.
Студенттер атайын академиялык мобилдүүлүк программасынын студенттери үчүн даярдалган жатаканага жайгаштырылып, бир ай акы төлөбөй жашашат.

Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети бул институт менен окутуучулардын ортосунда илимий иш сапарларды, академиялык мобилдүүлүктөрдү уюштуруп, эл аралык конференцияларды өткөрүп келет.
Комментарийлер