АМЕРИКАДА КАНДАЙ ОКУТУШАТ? (Кыргызстандык ата-эненин көзү менен)

  • 25.08.2025
  • 0

Кечээ күнү интернеттен Кара-Суу базарындагы элди көрүп алып оозум ачылды. Биз мектеп ачылганга чейин эле кийим-кеченин, окуу куралдардын, китептердин айынан стресс алып, билим алууга, мектепти сүйүүгө чамабыз жетпей калат экен деген ойго келдим.

АМЕРИКАДА КАНДАЙ ОКУТУШАТ? (Кыргызстандык ата-эненин көзү менен)

АКШда да мектептер ачылды. Жаңы окуу жылын базарга, магазинге каттоосуз, стрессиз баштап алдык.

АКШдагы мектептердин айырмачылыктары:

✅ 1-сентябрда күндүн аптабына карабай линейкага тизилүү деген жок! Директордун узун, “шаблонный”, кызыксыз сүйлөгөнүн угуп туруу деген мажбурлоо жок. Мугалимге гүл алып, жаңы форма кийип, жаңы сумка көтөрүп баруу деген жок. Дээрлик форма деген түшүнүк жок, окуучу өзүнө ыңгайлуу кийим менен мектепке бара берет.

✅ Ар бир штат, шаар, алтургай райондор да ар башка убакта окууну баштай алат — айрымдары августтун башында, айрымдары сентябрда. Сабактардын башталып, аяктоосу да ошондой. Кээ бири саат 7де баштаса, кээ бири 8:30да баштайт. Ар бир мектеп окуу планын өз-өзүнчө түзөт, бирдей болсун деген талап жок.

✅ Ата-энелердин WhatsApp группасы жана убакыт алган “чогулуштары” жок!
“Ким акча чогултат?”, “Занавесканы ким илип берет?”, “Мектептин охранасына канча акча чогултабыз?”, “Мектеп ремонтуна акча бериш керек”, “Класс жетекчисине эмне белек беребиз, канчадан акча чогултабыз” деген ызы-чуу таптакыр жок.

✅ Ата-энелердин ичинен ким кааласа мектептин фондун колдойт, каалабаса эч ким мажбурлабайт. Бул тууралуу түздөн-түз ата-эне менен мугалимдин ортосунда гана диалог болот. Мугалим да, демөөрчү ата-эне да жалпыга маалымдап, башка ата-энелерди ыңгайсыз абалда калтырбайт.

✅ Окуу куралдарын, керектүү канцелярдык   тизмени мектептин сайтына да, ата-эненин emailине да жөнөтүп коюшат. Бирок ошол эле учурда, мектеп өзү да камсыз кылат. Окуучуда кокустан жок болуп калса деле, бөйрөктөн шыйрак чыгармай жок.

❗️Бирок сабакты калтырууга, кечигүүгө олуттуу мамиле жасашат! Сөзсүз ата-эненин emailине ”балаңыз же кызыңыз сабакта жок, себебин кабарлап коюңуз” деп кат жөнөтүшөт.  Биздегидей тойго жумалап кетип калып, “ооруп калды эле” деген шылтоо өтпөйт.

✅ Китептер, дептерлер мектепте калат. Балдардын белине 10 килолук оор сумка илинбейт. Үйгө болгону сүрөттөрүн, ноутбук же планшеттерин (мектеп тарабынан берилген) гана алып кетишет.

✅ Үйдөн мектепке чейин жана мектептен үйгө чейин каттаган сары автобустар —  “school bus” секундасына чейин так жүрүшөт. Бул да мектеп тарабынан камсыздалат. Ошондуктан көчөдө окуучулардын жүргөнүн дээрлик көрбөйсүң.

✅ Мугалимдер бардык баланы жакшы көрүшөт. “Жакшы окуйт», «жаман окуйт”, “шок бала”, “көк мээ ”, “мыкты кыз” ж.б. деп бөлүшпөйт. Ар бирин макташат, баланын өзүнө болгон ишенимин бекемдешет.

✅ Мугалимдер кыйкырбайт, кол көтөрбөйт!
Бир балага кыйкырып же урса — дароо жумуштан айдалат, лицензиядан ажырайт, керек болсо кылмыш иши да козголот.

✅ Директор – падыша же коркунучтуу ажыдаар эмес!
Балдар менен да, мугалимдер менен да тең ата сүйлөшөт, иш-чараларга катышат, уюштурат, спорттук оюндарга, концерттерге келет. “Мен башчымын” деген мамиле жок.

АМЕРИКАДА КАНДАЙ ОКУТУШАТ? (Кыргызстандык ата-эненин көзү менен)

✅ Мектептеги жашоо чын эле кызыктуу!
Билим менен бирге эле спортко, музыкага, кино, концерттерге да көңүл бурушуп, шаңдуу кылып, атайын “Пижама күнү”, “Күлкүлүү кийим”, “Креативдүү чач жасалга”, “Пицца күнү” сыяктуу күндөрдү белгилеп турушат.

✅ Күндөлүккө кызыл ручка менен баа коюу жок! “2” деген бааны журналга, дептерге коюп, бүткүл класстын алдында уят кылуу жок. Баалар — жеке нерсе: ата-эне менен мугалим онлайн кабинет аркылуу көрөт. Балдар бири-биринин баасын билишпейт.

✅ Китеп окууга кызыктырышат. Мектептин китепканаларын атайын балдардын кызыгуусун арттыра тургандай кылып жасалгалашат (биздегидей капкараңгы кылып, көз айнекчен «катаал”, “орой” китепканачы эжени отургузуп койбойт). Балдар өздөрү каалаган жанрдагы китептерди алып окуй алышат — комикстер, фантастика ж.б.. Мазмуну татаал тээ илгерки китептерди «окуйсуң!» деген мажбурлоо жок.

✅ Мугалимдер күн сайын татаал тапшырмаларды берип, баланы чарчатышпайт, бирок берилген тапшырмаларды аткаруу мөөнөтүн белгилеп коюшат. Ошол эле учурда окуучу тапшырмаларды аткарууда кандайдыр бир кыйынчылыкка учурап, түшүнбөй жатса, сөзсүз кайрадан теманы башынан түшүндүрүп берүүгө, көмөктөшүүгө даяр турушат.
(Eka Dyikanovaнын баракчасынан алынды)

#АКШ #америкадажашоо #гринкарта

Бөлүшүү

Комментарийлер