“АЛТЫН ТҮЙҮН” УЛУТТУК АКАДЕМИЯСЫНЫН АЙМАКТЫК ФИЛИАЛДАРЫ АЧЫЛДЫ

  • 28.06.2022
  • 0

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен окуучулардын техникалык билимин жана чыгармачылыгын жайылтуу жана өнүктүрүү, ошондой эле өлкөнүн облустарында билим берүү инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча Кыргызстандын ар бир аймагында «Алтын түйүн» улуттук балдар инженердиктехникалык академиясынын филиалдары ачылып жатат.

 “АЛТЫН ТҮЙҮН” УЛУТТУК АКАДЕМИЯСЫНЫН АЙМАКТЫК ФИЛИАЛДАРЫ АЧЫЛДЫ

Ош облусунун Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтүндө  “Алтын түйүндүн” филиалынын  ачылышына Ош облусунун башчысынын орун басары Данияр Жаныкулов,  “Алтын түйүн” УБИТАнын директору Жаркын Бапанова жана райондук билим берүү бөлүмүнүн башчылары катышты.

— Аталган академиянын филиалы Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдиновдун колдоосу менен облустук өнүктүрүү фондунан имаратты оңдоп-түзөөдөн өткөрүүгө 1 млн 800 миң сом бөлүнгөн. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен Азия өнүктүрүү банкы тарабынан 3,5 миллион сомдук окуу эмеректер жана техникалык жабдуулар алынган. Жаңы 2022-2023-окуу жылында үч багытта: робототехника, информатика жана техникалык моделдештирүү ийримдери уюштурулуп, Ош облусундагы талантуу окуучулар кабыл алынат. Жаш ойлоп табуучулар жана аларды окуткан мугалимдер үчүн мастер-класс, семинар уюштурулат, — дейт Ж.Бапанова.

 “АЛТЫН ТҮЙҮН” УЛУТТУК АКАДЕМИЯСЫНЫН АЙМАКТЫК ФИЛИАЛДАРЫ АЧЫЛДЫ

Кара-Суу районунун Кызыл-Чек айылындагы Сыдык Алайчы атындагы №87 мектеп-гимназиясынын базасында да филиал ачылды. Ачылышка жергиликтүү уюмдардын жетекчилери, мугалимдер, жаш техниктер жана алардын ата-энелери катышты. Иш-чарада «Манас жаштары» чыгармачыл бирикмесинин тарбиялануучулары, ошондой эле облустун жаш артисттери концерттик программасын тартуулашты. Ошондой эле филиал Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Ленинское айылындагы  Ю.Гагарин атындагы №27 орто мектебинде,  Баткен облусунун Бужум айылында, Нарын шаарында, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын №4 мектеп-гимназиянын базасында ачылса, 8-июлда Чүй облусунун Кемин шаарында, 11-июлда Талас облусунун Көк-Ой айылында жаш ойлоп табуучулар үчүн “Алтын түйүндүн” филиалы ачылмакчы. “АЛТЫН ТҮЙҮН” УЛУТТУК АКАДЕМИЯСЫНЫН АЙМАКТЫК ФИЛИАЛДАРЫ АЧЫЛДЫ

 “АЛТЫН ТҮЙҮН” УЛУТТУК АКАДЕМИЯСЫНЫН АЙМАКТЫК ФИЛИАЛДАРЫ АЧЫЛДЫ

— Билим берүү жана илим министрлигинин активдүү колдоосунун жана Азия өнүктүрүү банкынын каржылоосунун аркасында ар бир филиалга керектүү заманбап окуу-техникалык жабдуулар сатылып алынды. Эми региондогу балдар робототехника, техникалык моделдөө, информатика, программалоо жана дизайн менен алектене алышат. Сатылып алынган жабдуулар балдарга көбүрөөк билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн ачкан башка ийримдерди да уюштурууга мүмкүндүк берет.  Региондордун администрациясы, жергиликтүү тургундар жана жаш техниктер Президент Садыр Жапаровго, Билим берүү жана илим министрлигине, Азия өнүктүрүү банкына жана «Алтын түйүн» улуттук балдар инженердик-техникалык академиясына жаштардын интеллектуалдык жана чыгармачылык потенциалын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзгөндүгү үчүн чоң ыраазычылыктарын билдиришти, — дейт Жаркын Бапанова.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер