Алмазбек БЕЙШЕНАЛИЕВ: «БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНДА СТРУКТУРАЛЫК ЖАНА МАЗМУНДУК ӨЗГӨРҮҮЛӨР БОЛОТ»

  • 29.10.2020
  • 0

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Фейсбук аркылуу түз эфирге чыгып, жарандардын жана агартуучулардын суроолоруна жооп берди.

Негизинен министрге мектептерди ачуу, окуу китептеринин сапаты, мектеп директорлорун ротациялоо, мугалимдерди кагаз иштеринен арылтуу, жож жетекчилерин шайлоо, жалпы республикалык тестирлөөнүн оң жана терс жактары, илимий изилдөө иштериндеги көйгөйлөрдү жөнгө салуу сыяктуу суроолор берилди.

Министр ар бир берилген суроого тийиштүү деңгээлде жооп берип, ириде жасала турган реформаларга токтолду. Биринчи кезекте билим берүү тармагында структуралык, мазмундук өзгөрүүлөр боло тургандыгын, аны ишке ашыруу үчүн агартуучулар тарабынан колдоо зарыл экендигин баса белгиледи.

— Мазмундук өзгөрүүлөр — китеп маселесине байланыштуу. Он мүнөт мурун жаңы окуу китептерин басуу боюнча жаңы мекеменин курулушу боюнча буйрукка кол койдум. Буюрса, катасы жок, сапаттуу китептерди басууда жаңы иштерди баштайбыз, — деди Алмазбек Бейшеналиевич.

Мектеп директорлорун дайындоо боюнча дагы жаңы мехнизм иштелип жатканын айтып, буюрса, ал өкмөттөн колдоо таап калса, мектеп директорлору беш жылга шайлоо жолу менен тандала тургандыгын белгиледи.

Бөлүшүү

Комментарийлер