А.АЛИМБЕКОВ:  “МУГАЛИМ — ҮЙРӨТҮҮЧҮ ГАНА БОЛБОСТОН, ҮЙРӨНҮҮГӨ  ҮЙРӨТҮҮ МИЛДЕТИН АТКАРУУСУ ЗАРЫЛ”

  • 30.04.2020
  • 0

“Окутуучу аныктоочу факторго ээ. Андыктан ал өзү өз алдынча ишмердүүлүктү уюштурууну мыкты билиши керек”. Мына ушундай агартуучулар аянтына багытталган таасирдүү, шык берүүчү ой-пикирлерди камтыган дагы бир жакшы саамалык 28-апрелде Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда  онлайн формада конок лекция катары уюштурулду.

А.АЛИМБЕКОВ:  “МУГАЛИМ - ҮЙРӨТҮҮЧҮ ГАНА БОЛБОСТОН, ҮЙРӨНҮҮГӨ  ҮЙРӨТҮҮ МИЛДЕТИН АТКАРУУСУ ЗАРЫЛ”

Лекциянын коногу Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин гуманитардык факультетинин педагогика бөлүмүнүн башчысы п.и.д., профессор Акматали Алимбеков болуп, «Студенттердин өз алдынча окуу  ишмердүүлүгүн уюштуруу методикасы» деген темада катышуучуларга маалымат берип, студенттердин өз алдынча ишмердүүлүгү жана учурдагы абалга жараша аралыктан билим берүүнү натыйжалуу уюштуруунун түрдүү усулдары боюнча маалыматтарга басым жасады.

А.АЛИМБЕКОВ:  “МУГАЛИМ - ҮЙРӨТҮҮЧҮ ГАНА БОЛБОСТОН, ҮЙРӨНҮҮГӨ  ҮЙРӨТҮҮ МИЛДЕТИН АТКАРУУСУ ЗАРЫЛ”

Лекциянын жүрүшүндө лектор алгач студенттердин өз алдынча ишмердүүлүгү деген эмне,  аны уюштуруу формалары, методикасы, функциялары, түрлөрү, дидактикалык шарттары жана өз алдынча билим алуунун мааниси тууралуу илимпоздордун ойлоруна токтолуп, аны менен бирге  мугалим — үйрөтүүчү гана болбостон үйрөнүүгө  үйрөтүү милдетин аткаруу керектигин баса белгилеп өттү.

“Өз    алдынча ишмердүүлүктү  уюштуруунун негизги дидактикалык шарты — окутуучунун компетенттүүлүгүнө  көз каранды. Окутуучу аныктоочу факторго ээ. Андыктан ал өзү өз алдынча ишмердүүлүктү уюштурууну мыкты билиши керек. Анткени өз алдынча иштин мазмунун, аткаруу мөөнөтүн, көлөмүн, методикасын  окутуучу өзү аныктайт. Окутуучунун өзүн-өзү окутуу ишмердүүлүгүнүн  жетекчиси, кеӊешчиси жана уюштуруучусу деген компетенттүүлүгү  өзүн өнүктүрүүнүн үстүндө иштөөгө мажбурлайт. Сабак учурунда да окутуучунун ролун, функциясын алмаштыра турган тапшырмаларды берип аткартсак болот. Студенттерди өнүктүрө турган, кыймылга келтире турган, кызыктыра турган, иш-аракетке чегере турган тапшырмаларды берүү,  б.а. тапшырмалар өнүгүүнүн жакынкы зонасына негизделип пландалышы,  тапшырмалар тикеден-тике акыркы натыйжага жана стандарттагы минималдык талаптарга багытталышы керек. Натыйжада бардык нерсе студенттин кесиптик компетенттүүлүгүн калыптандырууга баш ийдирилиши маанилүү. Тактап айтканда, ушул адистикти бүткөн бүтүрүүчү кандай кесиптик компетенттүүлүккө ээ болуусу керек деген суроого жооп берүүгө тийиш”, —  деп А.Алимбеков өз сөзүндө баса белгиледи.

Иш-чара окуу жайда салтка айланып калган студенттердин, окутуучуларын кесиптик чеберчилигин өстүрүү жана аларды ар тараптан калыптандыруу  максатында өтүп келген КОНОК ЛЕКЦИЯ программасынын алкагында  өттү.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер