АЛДАМЧЫЛАРДАН САК БОЛУҢУЗ!  

  • 02.10.2025
  • 0

АЛДАМЧЫЛАРДАН САК БОЛУҢУЗ!   Алдамчылык-башкача айтканда алдоо же ишенимин кыянаттык менен пайдалануу жолу менен олуттуу эмес өлчөмдөгү башка бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу же мүлккө болгон укукка ээ болуу туурасында  Кыргыз Республикасынын КЖКнин 209-беренеси бар. Муну менен бирге прокуратура органдарынын ишмердүүлүгүнүн көңүлү менчикке каршы кеңири жайылган алдамчылык кылмыштарына басым жасалууда. Биз төмөндө 2025-жылдын 6 айында Бишкек шаарынын Свердлов районунда катталган алдамчылык фактысы боюнча кылмыштуулуктун абалы жөнүндө кыскача кеп кылабыз.

Алдамчылыктын формасы ар кандай-алдоо оозеки же жазуу жүзүндөгү билдирүү түрүндө жасалышы, же болбосо кандайдыр бир аракеттерди жасоо менен түзүлүшү мүмкүн: бүтүмдүн предметин бурмалоо, жасалма буюм менен эсептелген акча суммасын алмаштыруу, комплекттөө жана ушул сыяктуу формада болот. Көбүнчө иш-аракет менен алдоо оозеки түрүндө катталат.

2025-жылдын 6-айында Бишкек шаарынын Свердлов РИИБнын тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнин 209-беренесинде көрсөтүлгөн (алдамчылык) кылмыштын белгилери менен 736 кылмыш иши козголуп,                                974 материал боюнча кылмыш иш козгоодон баш таруу чечими кабыл алынган, 81  кылмыш иши боюнча (89 айыпталуучугу карата) айыптоо актысы бекитилип, негизинен кароо үчүн Свердлов райондук сотуна жиберилген, 149 кылмыш иши өндүрүштөн кыскартылган, 79 кылмыш иши тергөө стадиясында турат.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 05.03.2024-жылдагы  17-Б сандуу буйругунун негизинде, Кылмыш ишин козгоодон баш тартуу, кылмыш ишин козгоо, кылмыш иши боюнча тергөөнү токтотуу, кыскартуу, тергөөнүн аяктагандыгы жөнүндө (ишти прокурорго жөнөтүү менен айыптоо актысын түзүү процессуалдык чечимдердин мыйзамдуулугуна жана негиздүүлүгүнө сапаттуу көзөмөл жүргүзүлүшү камсыз кылынсын деп көрсөтүлгөн.

Андыктан, кабыл алынган чечимдердин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн камсыз кылуу максатында, кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө материалдарды, тергөөсү токтотулган же кыскартылган кылмыш иштерди райондук прокуратурага келип түшкөн учурдан тартып, тергөөчү тарабынан кабыл алынган чечимдин негиздүүлүгү жана мыйзамдуулугу жөнүндө корутунду же болбосо кыскартуу жөнүндөгү чечимге макул болбогон учурда, аны жокко чыгаруу жөнүндө токтом кабыл алуусу көрсөтүлгөн. Бул багытта Бишкек шаарынын Свердлов районунун прокуратурасы тарабынан кылмыштын аталган түрүн каттоо жана ачуу маселесине өзгөчө көңүл бурулуган.

Белгилеп кетүүчү жагдай, бул категориядагы кылмыштын бетин ачуу үчүн  тажрыйбалуу тергөө жана ыкчам кызматкерлердин ичинен туруктуу иштеген тергөө-ыкчам топтору түзүлөт жана Бишкек шаарынын Свердлов райондук прокуратурасы тарабынан тергөөнүн жүрүшүндө жазуу жүзүндө көрсөтмөлөр берилет.

Мындан тышкары көзөмөл жүргүзүүдө кылмыш иши боюнча тергөөнүн сапатына жана кылмыш жасаган учурда туура квалификацияга өзгөчө көңүл бурулат. Бул багыттагы иштер тынымысыз улантыла бермекчи.

Бишкек шаарынын Свердлов райондук прокуратурасы

Бөлүшүү

Комментарийлер