«Ала-Тоо» университетинде китеп клубу ачылды
- 04.12.2024
- 0
Кечээ, 3-декабрда “Ала-Тоо” Эл аралык университетинде REBOOKS китеп долбооруна жана Ala-Too Book клубунун ачылышына арналган иш-чара болуп өттү.
Иш-чараны университеттин ректору Жылдызбек Жакшылыков ачып, бул демилгелердин студенттердин билим алуусу жана жеке өнүгүүсү үчүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Ala-Too Book клубунун негизги максаты – китептерди презентациялоо жана библиотерапия багытын өнүктүрүү.
— Клубдун алгачкы долбоору катары REBOOKS ишке ашырылды. Анын максаты – китептерге “экинчи өмүр” тартуулоо. Бул демилге студенттердин колдоосу менен ишке ашып, 500дөн ашуун китеп чогултулду. Долбоор жогорку окуу жайлар аралык мүнөзгө ээ болгондуктан, биз аны эстафета катары Кыргыз мамлекеттик университетине өткөрүп жатабыз. Жамгыр, Дарак, Бугупресс, Book House китеп дүкөндөрүнө, ошондой эле Манас улуттук академиясына терең ыраазычылык билдиргим келет, — деди клубдун куратору Жаныбек Абидетегин.
Клубдун президенти Каныкей Абдилахатова болсо долбоордун жана клубдун жаралуу тарыхы жөнүндө баяндап, келечекке коюлган пландары менен бөлүштү.
— Биз башталгыч клуб катары жакшы иш алып бардык деп эсептейм. Акциянын алкагында китептерин алып келген катышуучулар лотерея билеттерин алышты. Долбоорубуз университетте гана калып калбастан, башка окуу жайга өткөрүлүп жатат. Бардык катышуучуларга, университетибизге жана китеп дүкөндөрүнө китептерин бергендиги үчүн ыраазычылык билдирем. Ошондой эле студентибиз Султан Сарыгуловго өзгөчө рахмат айткым келет, анткени ал чоң атасы Садыр Сарыгуловдун калемине таандык жүздөй китебин китепканабызга өткөрүп берди, — деди.
Иш-чаранын программасы бий жана музыкалык номерлерди, Kahoot интеллектуалдык оюнун, лотерея ойнотууларды жана белгилүү акын, көптөгөн популярдуу ырлардын автору Акбар Кубанычбековдун чыгармаларын камтыды.
Комментарийлер