“АЛА-ТОО” ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ

  • 16.06.2023
  • 0

“АЛА-ТОО” ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ

“Ала-Тоо” Эл аралык университети – Борбор Азиядагы алдыңкы эл аралык университеттердин бири. Анда дүйнөнүн 38 өлкөсүнөн 2 500ден ашык студент билим алат. Окуу жай бүгүнкү күндө Кыргызстан жана Борбор Азияда англис тилинде билим берип, өзүнчө бөлүмдөрдүн студенттерине немис, француз, кытай жана жапон тилдерин окууга мүмкүнчүлүк берет.

Акыркы чейрек кылымда АЭУ өнүгүүнүн көп этабын басып өттү: студенттердин контингентин көбөйтүү, жаңы академиялык программаларды ачуу, кампусту кеңейтүү, ошондой эле аталышын, түзүмүн жана өнүгүү стратегиясын өзгөрттү, мунун аркасында Кыргызстандын билим берүү жана агартуу ишмердүүлүгү менен тыгыз байланыштуу болгон илимий мекеменин ордун бекемдеди. Туура 27 жыл мурда өлкөнүн эң маанилүү жеке менчик окуу жайларынын биринин тарыхы башталган. Кыргызстан көз карандысыздыкка ээ болгон учурдан – 1991-жылдын 31-августунан тартып Кыргызстан Өкмөтү тарабынан Кыргызстандын жогорку билим берүү чөйрөсүндө тез өзгөртүү жана модернизациялоо жүзөгө ашырылган. Бишкекте АЭУ анык эл аралык деңгээлдеги университетти түзүү борбор калаанын өнүгүшүнүн гана эмес, биздин өлкөбүздүн илим-билим берүү дараметинин ийгиликтүү өзгөрүшүнө маанилүү түрткүлөрдүн бири болуп калды. 1996-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан “Сапат” Эл аралык билим берүү мекемеси менен биргеликте “Ала-Тоо” Эл аралык университети – эл аралык деңгээлдеги Борбор Азиянын алгачкы коммерциялык эмес изилдөө университети катары түзүлгөн. Ишмердүүлүгүнүн башатынан тартып АЭУ англис тилинде окутуу менен эл аралык билим берүү моделин тандаган.

Бүгүнкү күндө АЭУ төрт академиялык факультеттен, үч институттан, бакалавр багыты боюнча 18 академиялык программадан, магистратура багыты боюнча 7 академиялык программадан жана аспирантура (докторантура) багыты боюнча 7 программадан турат.

Факультеттер:

“Инженерия жана информатика факультети” төмөнкү багыттарды камтыйт:

 

Информатика жана эсептөө техникасы:

  • Компьютердик инженерия
  • Киберкоопсуздук жана этикалык хакинг
  • Чыгармачыл индустриянын негиздери

Колдонмо математика жана информатика:

  • Маалыматтарды талдоо жана интеллектуалдуу системалар
  • Билим берүүдө колдонмо математика жана информатика

Электроника жана наноэлектроника:

  • Жасалма интеллект жана робототехника

Сапатты башкаруу:

  • Маалыматтык технологиялардагы менеджмент

“Гуманитардык илимдер факультети”:

  • Филология (Англис тили жана адабияты)
  • Лингвистика (Котормо жана котормо таануу)
  • Педагогика
  • Психология
  • Журналистика
  • Юриспруденция (Эл аралык жана бизнес укук)

“Экономика жана башкаруу факультети”:

  • Экономика (Эл аралык экономика жана бизнес)
  • Экономика (Каржы жана насыя)
  • Эл аралык мамилелер
  • Менеджмент

“Медицина факультети”:

  • Дарылоо иши

 

Магистратура программасы: “Информатика жана эсептөө техникасы”, “Менеджмент”, “Педагогика”, “Экономика”, “Лингвистика” (Англис тили), “Эл аралык мамилелер”, Юриспруденция, Журналистика, Психология.

Аспирантура программасы: “Экономикалык теория”, “Экономика жана эл чарбасын башкаруу”, “Салыштырмалуу тарыхый, типологиялык жана салыштырмалуу тил таануу”, “Жалпы педагогика, педагогика, педагогика тарыхы жана билим берүү”, “Социалдык философия”, “Маданият тарыхы жана теориясы”.

Докторантура (Ph.D.): Компьютердик жана маалыматтык технологиялар, Филология, Педагогика

“Ала-Тоо” университети Европа, АКШ, Германия, Түштүк Корея, Франция жана Италия жана башка 100дөн ашык чет өлкөлүк өнөктөш ЖОЖдор менен эки тараптуу келишимдерге ээ. АЭУ “Erasmus +” жана “Fulbright” эл аралык алмашуу программалары менен иштөө боюнча лидер болуп саналат, бул жемиштүү эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет. Эл аралык программалар 2-3-курстун студенттерине өнөктөш ЖОЖдордо 4 айдан бир жылга чейин билим алууга мүмкүнчүлүк берет. Аталган программалар студенттерге алмаштырылгыс тажрыйба топтоого, билимин байытууга жана маданий сабаттуулугун кеңейтүүгө мүмкүндүк берген көп улуттуу чөйрөнүн эшигин ачат.

“Ала-Тоо” Эл аралык университетинен билим алган студенттер үчүн эки дипломго ээ болуу – АЭУ диплому жана алты эл аралык ЖОЖдун биринен берилген эл аралык аккредитациясы бар эл аралык үлгүдөгү диплом менен аяктоо мүмкүнчүлүгү бар.

1) North American University (АКШ, бакалавр)

2) Hof University of Applied Sciences (Германия, бакалавр)

3) SolBridge International School of Business (Түштүк Корея, бакалавр)

4) Inha University (Түштүк Корея, бакалавр)

5) Bialystok University, (Польша, бакалавр)

6) University of Clermont Auvergne, (Франция, магистратура)

Эл аралык аккредитацияга ээ болгон эл аралык кош  диплом системасынын аркасында бүгүнкү күндө АЭУ бүтүрүүчүлөрү дүйнөнүн алдыңкы компанияларында жана уюмдарында: АКШ, Улуу Британия, Австралия, Германия, Польша, Чехия, Нидерландия, Россия, Афганистан, Египет, Индия, Бириккен Араб Эмираттары, Венгрия, Канада, Казакстан, Пакистан жана башка көптөгөн өлкөлөрдө иштешет. АЭУ чейрек кылымдык тарыхында Кыргызстандын, Борбор Азиянын жана дүйнөнүн гүлдөп өнүгүшү үчүн жигердүү эмгектенген 4 500дөн ашык ийгиликтүү кесипкөй адистерди даярдады. Аталган окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү Facebook, General Electric, Verizon, Accenture, GenPact, Baylor Genetics, New York University in Abu Dhabi, Booking.com, Демир Кыргыз Интернэшнл Банк, БУУ, ОБСЕ, DAI Europe, Оптима Банк Кыргызстан, EPAM Systems, О! мобилдик оператору жана башка белгилүү уюмдарда эмгектенип келишет.

Маалымат алуу үчүн байланыш  тел.:  +996 (555) 820-000

Бөлүшүү

Комментарийлер