«АКЫЛМАН» ПРЕЗИДЕНТТИК ЛИЦЕЙИНЕ 6-КЛАССТАР ҮЧҮН 1-ТУРДУН ОНЛАЙН ТЕСТИРЛӨӨ ГРАФИГИ

  • 10.05.2024
  • 0

"АКЫЛМАН" ПРЕЗИДЕНТТИК ЛИЦЕЙИНЕ 6-КЛАССТАР ҮЧҮН 1-ТУРДУН ОНЛАЙН ТЕСТИРЛӨӨ ГРАФИГИ

“Акылман” президенттик лицейинин 2024-2025-окуу жылына карата конкурстук тандоосу боюнча акыркы маалымат.

6-КЛАССТАР ҮЧҮН 1-ТУРДУН ОНЛАЙН ТЕСТИРЛӨӨСҮ АР КАЙСЫЛ КҮНҮ, АР КАЙСЫЛ УБАКЫТТА БОЛОТ!

КҮНҮОБЛУСУ / ШААРЫУБАКТЫСЫ
11-майНарын облусусаат 10:00-12:00
11-майОш облусусаат 15:00-17:00
11-майОш шаарысаат 15:00-17:00
12-майЫсык-Көл облусусаат 10:00-12:00
12-майТалас облусусаат 10:00-12:00
12-майЖалал-Абад облусусаат 15:00-17:00
13-майБаткен облусусаат 10:00-12:00
13-майЧүй облусусаат 15:00-17:00
13-майБишкек шаарысаат 15:00-17:00

Толук маалыматтарды ар бир облустун жана шаарлардын кошумча телеграм каналынан ала аласыздар:

Шилтемелер:

“Кабыл алуу — 2024, Ысык-Көл”

“Кабыл алуу — 2024, Ош”

“Кабыл алуу — 2024, Талас”

“Кабыл алуу — 2024, Чүй”

“Кабыл алуу — 2024, Баткен”

“Кабыл алуу — 2024, Нарын”

“Кабыл алуу — 2024, Жалал-Абад”

“Кабыл алуу — 2024, Ош шаары”

“Кабыл алуу — 2024, Бишкек шаары”

ЭСКЕРТҮҮ:

Төмөнкү иш-аракеттерди кылууга катуу тыюу салынат. Эрежелерди бузган катышуучулар автоматтык түрдө конкурстук тандоодон четтетилет. Эреже бузуулар сайттын администрациясы тарабынан аныкталат.

Тыюулар:

  1. Тестирлөөнү скриншот кылып тартып алуу;
  2. Тестирлөөнү запись экрана кылып тартып алуу;
  3. Тестирлөө учуру камераны өчүрүп коюу;
  4. Башка облустардын тестирлөөсүнө катышуу;
  5. Өз адресинен (аккаунт) башка 2 же андан көп адрес ачып, 2 же андан көп жолу тест тапшыруу;
  6. Тест учуру шпаргалка, китеп сыяктуу каражаттарды же кошумча гаджеттерди колдонуу;
  7. Тест учуру бирөөдөн жардам суроо же камера көрбөгөн жерге басып кетүү;
  8. Тест учуру exam.edu.kg сайтын жаап, ошол эле учурда башка вкладка (баракча, окно) ачуу;
  9. Тестирлөөгө бир эле учурда 2 же андан көп адрестен кирүү.

1-тур боюнча:

  • 1-тур 5 предмет боюнча тапшырылат
  • Суроолордун жалпы саны – 85
  • Берилген жалпы убакыт – 120 мүнөт (2 саат)
  • Тестирлөө бүткөндөн кийин жыйынтыгы дароо аягында көрсөтүлөт.
  • 1-турдун жыйынтыгы 17-май күнү саат 17:00дө лицейдин кабыл алуу боюнча телеграм каналдарынан кабарланат.

Математика – 25 суроо

Логика – 15 суроо

Кыргыз тили – 15 суроо

Орус тили – 15 суроо

Тарых – 15 суроо

Уруксат берилет:

  • Тест учуру убакытка карап, айрым суроолор үчүн артка кайтууга (мисалы: оорчулук жараткан суроолорду аягына калтырыш үчүн);
  • Тест учуру таза барак менен калем колдонууга (мисалы: математикалык тапшырмаларды чыгаруу үчүн);
  • Тестирлөөнү уюлдук телефон, ноутбук же компьютер аркылуу тапшырууга (бирок бир учурда бирөөсү менен гана).

Унутпагыла!

  • Тестирлөө тапшыра турчу гаджетти кубаттап коюуну;
  • Интернеттин жетиштүүлүгүн, ылдамдыгын текшерүүнү.

Эске салсак:

6-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн конкурстук тандоо 3 этаптан турат:

1-тур: 11-майдан 13-майга чейин онлайн тестирлөө.

2-тур: 20-майдан 24-майга чейин онлайн тестирлөө.

3-тур: 27-майдан 2-июнга чейин оффлайн тестирлөө, ар бир 7 облуста жеринен өткөрүлөт.

Кабыл алуу боюнча толук маалымат алуу үчүн:

  • Инстаграм баракча – @akylman.presidential_school
  • Телеграм канал – “Акылман” Кабыл алуу — 2024”  группасына КАТТАЛУУ ЗАРЫЛ!

Бөлүшүү

Комментарийлер