АКСЫДА ИШЕМБИЛИК
- 22.09.2025
- 0
Аксы районундагы бардык билим берүү уюмдарында 2025-жылдын 20-сентябрындагы «Улуттук тазалык күнүнө» карата ишембилик өткөрүлдү.

Ишембиликке М.Абылкасымов атындагы Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн эмгек жамааты да башка мекеме-уюмдар катарында активдүү катышты. Билим берүү уюмдарынын айлана-тегеректери, эс алуу жайлары тазаланып, таштандылар чыгарылды. «Жердин жүзүн ачкан адамдын өзүнүн жүзү да ачык болот» дегендей, ишембиликке чыккан жамааттардын бул күнкү маанайы көтөрүңкү болду.
Узен АТАКАНОВ, Аксы району
Бөлүшүү
Комментарийлер