АК ЖОЛ САГА, БҮТҮРҮҮЧҮ!

  • 26.05.2025
  • 0

Өлкөнүн агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кичи-Жаргылчак айылындагы Т.Мурзабеков атындагы,  С.Мендебаев атындагы, ошондой эле аталган райондун Оргочор айылындагы М.Тынаев атындагы мектептерде өткөн “Акыркы коңгуроо” салтанаттуу иш-чараларга катышып, мугалимдерди, окуучуларды жана алардын ата-энелерин 2024-2025-окуу жылынын аякташы менен куттуктап, жаш муундарды окутуп, тарбиялоо ишине кошкон салымдары үчүн бир катар педагогдорго министрликтин ведомстволук сыйлыктарын тапшырып, ийгилик каалады. Ошондой эле, министр жогоруда аталган мектептерге ведомствонун атынан компьютердик техникаларды белек кылды.

 

АК ЖОЛ САГА, БҮТҮРҮҮЧҮ!

АК ЖОЛ САГА, БҮТҮРҮҮЧҮ!

«Очогуңарда от үзүлбөсүн десеңер, балдарды тарбиялуу болгонго үйрөткүлө

Быйыл 2024-2025-окуу жылынын акыркы коңгуроосу 26-майда кагылды. Бул жылы 11-классты жалпы 80 миң 540 окуучу бүтүрүүдө. Анын ичинен 2 миң 489 окуучунун “кызыл аттестат” алуусу күтүлүп жатат. Ал эми 9-классты 134 миң 681 окуучу аяктап жатат, анын ичинен 5 миң 756 окуучу артыкчылык күбөлүгүнө талапкер болууда.

АК ЖОЛ САГА, БҮТҮРҮҮЧҮ!

АК ЖОЛ САГА, БҮТҮРҮҮЧҮ!

АК ЖОЛ САГА, БҮТҮРҮҮЧҮ!

С.Мендебаев атындагы мектептин иш-чарасында агартуу министри Д.Кендирбаева ата-энелерге, мугалимдерге кайрылып: «Очогуңарда от үзүлбөсүн десеңер, кыргыздын ырын ырдатып, кыргыздын чүкөсүн ойнотуп, бооруңарга бекем кысып, балдарды тарбиялуу болгонго үйрөткүлө. Мен түз эле Лондондон келдим. 113 министр кездештик. Бүткүл дүйнө тынч эмес. Агрессия, конфликт, кыйыны алсызын басып алуу. Дүйнө коопсуздугу күчөп турат. Биздин булак-булак болуп аккан суулар жок, экологиялык коопсуздук келе жатат. Ошон үчүн биз толугу менен билим берүү системасында адаптивдүү ылайыкташкан лидерлерди даярдоонун үстүнөн иштеп жатабыз. 12 жылдыкка өттүк. Өлкө башчы ар бир бала билимдүү жана сапаттуу билим алууга тийиш деп аракет кылууда. Бул мектептин көйгөйүн да билем. Чоң жыйын залы менен спорт залы салынган татынакай мектеп болсун деп сунуштап жатабыз. Өлкө башчы ар бир балага татыктуу шарт түзүүнүн үстүндө иштеп жатат. Президентибиз келгенден бери өлкөдө 510 мектеп салынды. Былтыр 140 мектеп салынды, 98 мектеп капиталдык ремонттон өттү. Быйыл 150 мектеп салынып жатат. Анын ичине ушул мектепти да тизмеге киргизүүнүн үстүндө  иштер жүрүп жатат. Башкы байлык, башкы мурас — биздин балдар! Конституцияда да, үй-бүлөдө да жазылган эгерде балаңдын тарбиясы жок болсо,  өлкөнүн, үй-бүлөнүн шору болуп эсептелет. Ар бир ата-энеге кайрылат элем, эртең өкүнүчүңөр, жүрөгүңөрдөгү арманыңар болбосун десеңер балдарыңарды көбүрөк кучактагыла, чоң атасы, чоң энеси ким болгонун, айыл жөнүндө айтып бергиле, балдар билбей калды. Окуучулар өсүмдүктөрдүн атын билбейт. Кабинетте  гана билим беребиз. Тышка чыгалы. Бизде түрлөнткөн үйлөр салынган, бирок түрлөнткөн китепти көргөн жокмун. Бул биздин жалган баалуулук болуп эсептелинет», — деди министр.

М. Тынаев  мектеби — “Мыкты мектеп” конкурсунун жеңүүчүсү 

Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева М.Тынаев  атындагы орто мектебине болгон иш сапардын алкагында ардагер мугалимдер менен кездешип,  мектептин абалы, билим берүү процесси жана мугалимдердин ишмердүүлүгү менен жакындан таанышты.

АК ЖОЛ САГА, БҮТҮРҮҮЧҮ!

Ошондой эле билим берүү тармагындагы кызматтары үчүн дене тарбия мугалими Кудабаев Нурлан Жумакадыровичке «Билим берүүнүн отличниги» төш белги, Ардак грамота менен Орозалиева Таалай Алпамышевна жана Усупбаева Жазгүл Абдрасуловнага  тапшырды. Бул сыйлыктар мугалимдердин кесиптик ишмердүүлүгүн, билим берүүдө кошкон салымын жана үзүрлүү эмгегин баалоо максатында болду.

АК ЖОЛ САГА, БҮТҮРҮҮЧҮ!

Догдуркүл Кендирбаева мугалимдерге ыраазычылык билдирип, билим берүү сапатын жогорулатуу багытындагы иштер мындан ары да колдоого алынарын белгиледи жана ар дайым колдоп келгенин жана мындан ары колдой тураарын баса белгилеп өттү. Мектеп коллективине телевизор тартуулады. Бүтүрүүчүлөргө ийгиликтерди каалап, жетишкендиктерди багындыра берүүсүн, ар дайым мектеп менен тыгыз байланышта болуусун белгилей өттү.

АК ЖОЛ САГА, БҮТҮРҮҮЧҮ!

Оргочор айылында жайгашкан мектеп 1956-жылы негизделген.

— Мектепте жалпы 38 мугалим эмгектенет.  Педагогикалык кызматкерлердин ичинен — жогорку билимдүүлөр 38, атайын орто билимдүүлөр жок. Алардын ичинен “Эл агартуунун”, “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгилеринин ээси — 7 мугалим, Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасынын ээси — 12 мугалим, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик Ардак грамотасынын ээси — 5, Кесиптик бирлик уюмунун Билим берүү мыктысы — 2 мугалим. Райондук билим берүүнүн Ардак грамотасы — 15, акимчиликтин Ардак грамотасы — 7 мугалим, облустук  администрациясынын Ардак грамотасы — 5 мугалим, айыл өкмөтүнүн Ардак грамотасы — 9 мугалим алып келишкен. Учурда 16 техкызматкер эмгектенет, — дейт мектеп жетекчиси Бактыгүл Умарова.

Учурда бул мектепте  бардыгы 507 окуучу  окуп жатат, алардын ичинен «Наристе» мектепке даярдоо программасы боюнча 51 окуучу, 1-4-класста — 214 окуучу, 5-9-класста -244 окуучу, 10-11-класста — 50 окуучу окуйт.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн жылдык жыйынтыгынын негизинде, аталган билим ордосу  2021-2022-окуу жылында “Жылдын мыкты мектеби” кароо-сынагында 1-орун, 2022-2023-окуу жылында М.Тынаев мектеби  “Мыкты мектеп” Ардак тактасына илинип, 2023-2024-окуу жылында өткөн республикалык “Мыкты мектеп” конкурсунун жеңүүчүсү.

— Жалпы республикалык тестирлөөдө 2023-жылы Токторова Жаркынай  206 баллдын ээси, 2024-жыл Борколдоева Сайкал, Кыдырмышева Айдай 204 балдын ээси болгон. Райондук предметтик олимпиадада орус тили жана кыргыз тили предметтеринен  1-орунду ээлеп, облустук  олимпиадага катышып, ийгилик жаратышкан, — дейт мектеп директору.

Көз карандысыз жашоого кадам таштоо

Агартуу министрлигинин орун басары Альберт Махметкулов Тамга жалпы орто билим берүү мектебинде өткөн “Акыркы коңгуроо” аземинде мугалимдерди, окууучуларды жана ата-энелерди куттуктап, бир нече алдыңкы мугалимдерге ведомствонун сыйлыктарын тапшырды.

— Бүтүрүүчүлөр, бүгүн силер жашооңордогу жаңы баракчаларды ачып, жаңы кызыктуу, бирок татаал жолго түшүп жатасынар, анткени көбүңөр жогорку, орто кесиптик окуу жайларга тапшырып, башка шаарларга жана башка өлкөлөргө кетип, көз карандысыз жашоого кадам таштайсыңар. Сиздерге ийгилик каалаймын, жолуңар дайым ачык болуп, орто мектепте алган билимиңер сиздерге дайым жардам берип, ийгиликтерге жетүүнүн себеби болсун! Биздин жашообуздагы жетишкендиктердин бардыгы мугалимдик эмгектин үзүрү. Азыркы учурда дүйнөдө 145 өлкөдө 12 жылдык билим берүү системасы ийгиликтүү иштеп жатат. Буга эмне себеп? Билим берүү системасын алдыга жылдырыш керек. Азыр илимий техниканын доору болуп, ошондуктан биринчи кадамдар реформаны алдыга жылдыруу болуп саналат, — деди миистрди орун басары.

Тамга жалпы орто билим берүү мектебинде учурда 658 окуучу билим алып жатат. Мектеп эки тилде окутулат (кыргыз, орус). Учурда мектепте 47 мугалим эмгектенет. Тамга жалпы орто билим берүү мектебинин педагогикалык коллективи окуу-тарбия иштерининдеги жетишкендиктери үчүн бир топ сыйлыктарга ээ болгон.

— Тамга орто мектеби мезгил талабына үндөшүп келечекте кыргыз элинин жүгүн көтөргөн уул-кыздарын тарбиялап келет. Мугалимдердин 60 пайыздан көбү тажрыйбалуу мугалимдер. Өз билимин өркүндөтүү курстарынан жыл сайын өтүп турушат. Окуучуларды ар тараптан өнүктүрүү максатында мектепте ийримдер иштейт. Алсак, драм, волейбол, шахмат, кол өнөрчүлүк, “Манас таануу” кружоктору. “Манас таануу” кружогунда катышкан окуучулар төрт жылдан район аралык таймашта биринчи орунду камсыздап келишет. Мектептин иштерин алга жылдырууда интерактивдик доска жана башка заманбап техникалар жетишээрлик камсыздалган, — дейт мектеп жетекчиси Айнура Саалаева.

Тартип бузуу катталган жок

Маалыматка таянсак, “Акыркы коңгуроо” иш-чарасын өткөрүүдө коопсуздук чараларын камсыз кылуу жеке жоопкерчилиги билим берүү уюмдарынын жетекчилерине жүктөлгөндүктөн бүтүрүүчүлөр тарабынан тартип бузуу катталган жок.

Анткени билим берүү уюмдарынын жетекчилерине салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүгө ар кандай каражаттарды чогултууга, ошондой эле бүтүрүүчүлөргө жана алардын ата-энелерине башка иш-чараларды уюштурууга тыюу салынган. Мындан сырткары  тез күйүүчү, травматикалык фейерверктер, адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна коркунуч келтирген техникалык жабдуулар  жана башка каражаттарды, ошондой эле экологияга зыяндуу гелий шарларын учурууга тыюу салынгандыктан мындай иштерге жол берилге жок.

Канча бүтүрүүчү мектепти аяктап жатат?

Бишкек шаары:

9-класс: 24 585 (кызыл күбөлүк алгандар — 839)

11-класс: 14 116 (кызыл күбөлүк алгандар — 586)

Ош шаары:

9-класс: 8 647 (кызыл күбөлүк алгандар — 310)

11-класс: 3 489 (кызыл күбөлүк алгандар — 183)

Талас облусу:

9-класс: 5 506 (кызыл күбөлүк алгандар — 161)

11-класс: 3 279 (кызыл күбөлүк алгандар — 68)

 Жалал-Абад облусу:

9-класс: 24 725 (кызыл күбөлүк алгандар — 1 662)

11-класс: 12 548 (кызыл күбөлүк алгандар — 387)

 Нарын облусу:

9-класс: 5 696 (кызыл күбөлүк алгандар — 368)

11-класс: 4 128 (кызыл күбөлүк алгандар — 236)

 Ош облусу:

9-класс: 26 707 (кызыл күбөлүк алгандар — 1 097)

11-класс: 18 247 (кызыл күбөлүк алгандар — 416)

 Баткен облусу:

9-класс: 10 726 (кызыл күбөлүк алгандар — 429)

11-класс: 6 440 (кызыл күбөлүк алгандар — 239)

 Ысык-Көл облусу:

9-класс: 9 696 (кызыл күбөлүк алгандар — 356)

11-класс: 6 493 (кызыл күбөлүк алгандар — 184)

Чүй облусу:

9-класс: 18 393 (кызыл күбөлүк алгандар — 534)

11-класс: 11 800 (кызыл күбөлүк алгандар — 190)

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер