АКӨРГӨЛҮК ЖАШ ТАЛАНТ
- 28.09.2020
- 0
Эрлан Ашырбеков Ак-Өргөдөгү №77 орто мектебинин 4-«д»классында окуйт. Сөзгө чечен, ыр жандуу бала өткөн жылы шаар ичиндеги жаш манасчылар сынагында экинчи орунду ээледи.
Көп өнөрдүн ээси Эрлан — учурда классынын гана эмес, жалпы мектебинин сыймыгы.
-Бул окуучум өзү ыр жазат. Мугалимдерге дагы арнап ыр жазыптыр. Окуганын жаттап калат. Эс тутуму күчтүү. «Акын бол! Мен сага жардам берейин!» десем, «Математиканы жакшы көрөм!» деп койбодубу, -дейт класс жетекчиси Салтанат Болотбековна.
Эс тутуму бөтөнчө бала бардык сабактардан жалаң «5» деген баага окуйт. Ал манас айтууга, адабий китептерди окууга кызыгат экен.
-Эрлан басып, ойноп жүрүп окуйт. Текстти бир сыйра окуп эле жаттап алат. Эс тутуму бөтөнчө бала, — дейт эжейи.
Жаш талант 23-сентябрь тил майрамында эне тил жөнүндө таасирдүү ырларды көркөм айтып, класс жетекчисин, ата-эне ордундагы эжесин кубанычка бөлөдү.
А. Алибеков, «Кут Билим»
Комментарийлер