АК-ОРДОДОГУ ЖАҢЫ БИЛИМ УЯСЫ

  • 16.11.2022
  • 0

Жакында борбор шаарыбыздын Ленин районуна караштуу Ак-Ордо конушунда жаңы мектеп пайдаланууга берилди.АК-ОРДОДОГУ ЖАҢЫ БИЛИМ УЯСЫ

Калктуу конуштагы №102 жалпы билим берүүчү орто мектеби 750 орунга ылайыкташтырылган, бирок учурда мында 1700 окуучу эки мөөнөттө билим алууда. Окуучулардын билим-тарбия алуусу үчүн билим ордосунда бардык зарыл шарттар түзүлгөн. Заманбап мектепте 70 мугалим эмгектенет.

АК-ОРДОДОГУ ЖАҢЫ БИЛИМ УЯСЫ
— Бизге кайрылган ата-энелердин саны арбын. Ар бир арызды атайын комиссияда карап, бош орундарга кабыл алып жатабыз, — дейт мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Айгүл Ормокова.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер