Агрардык билим берүүдөгү жаңы кадам: Кыргызстанда алгачкы жолу «АгроНТРИ – 2026» эл аралык сынагы өттү

  • 17.07.2026
  • 0

К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде алгачкы жолу эл аралык макамдагы «АгроНТРИ – 2026» сынагынын күндүзгү этабы ийгиликтүү өткөрүлдү. Агро-өнөр жай комплексиндеги заманбап технологияларга кызыккан мектеп окуучуларын, колледждердин жана техникумдардын студенттерин бириктирген бул иш-чара агрардык билим берүү тармагындагы маанилүү окуялардын бири болуп калды.
Агрардык билим берүүдөгү жаңы кадам: Кыргызстанда алгачкы жолу «АгроНТРИ – 2026» эл аралык сынагы өттү«АгроНТРИ» (Агро. Илим. Технологиялар. Өнүгүү. Инновациялар.) сынагы сегиз жылдан бери уюштурулуп келе жатат. Ал эми 2026-жылы алгачкы жолу эл аралык макамга ээ болуп, Кыргызстандын бул демилгеге кошулуусу өлкөдөгү агрардык билим берүү системасын өнүктүрүүдө жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүдө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты.Агрардык билим берүүдөгү жаңы кадам: Кыргызстанда алгачкы жолу «АгроНТРИ – 2026» эл аралык сынагы өттүСынактын ачылышында К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору, биология илимдеринин доктору Нурзат Тотубаева катышуучуларды куттуктап, мындай сынактар жаштарды агро-өнөр жай тармагындагы алдыңкы технологиялар менен тааныштырып гана тим болбостон, алардын инженердик ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө, чыгармачылык дараметин арттырууга жана келечектеги кесиптик багытын туура аныктоого чоң өбөлгө түзөрүн белгиледи. Агрардык билим берүүдөгү жаңы кадам: Кыргызстанда алгачкы жолу «АгроНТРИ – 2026» эл аралык сынагы өттүИш-чаранын жүрүшүндө Россотрудничествонун өкүлчүлүгүнүн консультанты, билим берүү долбоорлорунун куратору Павел Гультяев жана Кострома мамлекеттик айыл чарба академиясынын окуу, тарбия иштери жана жаштар саясаты боюнча проректору, ветеринария илимдеринин кандидаты Марина Юрьева да катышуучуларга ийгилик каалап, эл аралык кызматташтыктын билим берүү тармагындагы маанисине токтолушту. Агрардык билим берүүдөгү жаңы кадам: Кыргызстанда алгачкы жолу «АгроНТРИ – 2026» эл аралык сынагы өттү«АгроНТРИ – 2026» сынагы жаштардын илимге жана инновациялык технологияларга болгон кызыгуусун арттырып, агрардык тармак үчүн атаандаштыкка жөндөмдүү, заман талабына жооп берген келечектеги адистерди даярдоого багытталган маанилүү аянтча экенин дагы бир жолу тастыктады. Мындай демилгелер өлкөнүн агроөнөр жай комплексин санариптештирүүгө, билим берүү менен өндүрүштүн байланышын чыңдоого жана жаштардын илимий-изилдөө ишмердүүлүгүн колдоого олуттуу салым кошору белгиленди.

Бөлүшүү

Комментарийлер