Агартуучулар үчүн онлайн-курстар
- 21.01.2026
- 0
Инновациялык мектептердин жетекчилери, райондордун жана шаарлардын билим берүү бөлүмдөрүнүн методисттери, облустук методикалык борборлор, ошондой эле педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институттарынын адистери үчүн уюштурулган курстардын экинчи агымы жыйынтыкталды.

«Билим берүүнүн сапатын башкаруу жана мугалимдердин үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүүсүн колдоо» темасын камтыган окутууга өлкө боюнча 200го чукул адам катышты.
Иш-чаранын максаты – инновациялык мектептердин башкаруу командаларынын лидердик жана педагогикалык потенциалын бекемдөө, мугалимдердин үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүүсүн (ҮКӨ) натыйжалуу пландоо жана ишке ашыруу үчүн наставниктин жана менторлуктун инструменттерин колдонуу.
Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар мугалимдердин үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүүсүн уюштуруунун негизги ыкмаларын карап чыгып, мугалимдердин кесиптик муктаждыктарын диагностикалоону үйрөнүштү жана кесиптик өсүү процессинде педагогдорду коштоо жана колдоо механизмдерин талкуулашты.
Мугалимдин кесиптик компетенцияларына дескрипторлор, педагогикалык ишмердүүлүктү өзүн-өзүн баалоо барактары, сабактарды байкоо жана конструктивдүү пикир берүү өңдүү практикалык инструменттерге өзгөчө көңүл бурулду. Практикалык бөлүк мектептердин командалык ишинин формасында өтүп, катышуучулар ҮКО инструменттерин апробациялап, пайда болгон суроолорду жана кыйынчылыктарды талкуулады.
Тренингдин жыйынтыгында катышуучулар кесиптик муктаждыктарын диагностикалоо, жеке жана жалпы мектептин ҮКО планын иштеп чыгуу жана аны 2026–2027-жылдарга инновациялык мектептерди өнүктүрүү пландарына кошуу боюнча практикалык тапшырмаларды алышты.
Билим берүү системасында олуттуу өзгөрүүлөр орун алып, жаңы мамлекеттик жана предметтик стандарттар кабыл алынып, санариптик чечимдерди колдонуу кеңири жайылтылып жаткан шартта мектеп жетекчилеринин, мугалимдердин билимин жаңыртуу өзгөчө мааниге ээ. Мындан улам, аталган окутуулар билим берүү тармагындагы сапаттык өзгөрүүлөрдү тездетүүгө өбөлгө түзөт.
Алты модулдан турган окутуулар Агартуу министрлигинин «Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо» долбоору тарабынан «Алтын Казык» билим берүү системасын трансформациялоо программасын ишке ашыруунун алкагында уюштурулган.
Комментарийлер