АГАРТУУ ТАРМАГЫНЫН “АЛТЫН КАЗЫГЫ”

  • 25.07.2025
  • 0

Эгемен Кыргызстандын алгачкы агартуу министри, өлкөнүн бүтүндөй билим берүү тармагын 12 жылдык окуу тутумуна трансформалап жаткан “Алтын Казык” мамлекеттик программасын ишке ашыруу жүрүмүнүн башатында да, башында да келаткан, бир сөз менен айтканда, агартуу тармагынын “Алтын Казыгы” Кендирбаева Догдуркүл Шаршеевна бүгүн туптуура 60 жашка толду. Куттуктайбыз! Ошентип, биз бүгүн өзүнүн дээрлик 40 жылга жакын өмүрүн билим берүү тармагынын өнүгүп-өсүшүнө арнаган жетекчинин инсандык бейнесине кайрылуу менен, басып өткөн өтөлгөлүү өмүр жолу, өнөлгөлүү жаңычыл жана жаратман демилгелери, миң кырлуу дүйнө таанымы жаатында азыноолак сөз кылууну туура таптык. Эмесе, ошого назар салалы…

АГАРТУУ ТАРМАГЫНЫН “АЛТЫН КАЗЫГЫ”

Адегенде эле айта кетиш керек, Догдуркүл Кендирбаева биринчи жолу министр болуп жаткан жери жок, ага чейин эле өлкөдөгү эң ири, өтө татаал, кыйла көйгөйлүү тармак болуп саналган Билим берүү жана илим министрлигин ийгиликтүү жетектеп келгени белгилүү. Анын курамында бала бакчалар, мектептер, кесиптик билим берүү мекемелери, жогорку окуу жайлары, бүткүл илим тармагы кирген. Алтургай, жеке менчик мектептер менен окуу борборлору, медреселер менен атайын окутуу курстары дагы кандайдыр бир деңгээлде ушул министрликтин карамагында турган. Билим берүү тармагына баш-аягы 1,6 млн адам тартылган. Азыр андан дагы арбыды. Гранттык жана башка каражаттардан тышкары, таза бюджеттик каржылоосу эле 70 млрд сомго чукул. Дал ошондон улам, ал эки министрликке бөлүнүп тынды деген жоромол бар.

Бул тууралуу Догдуркүл Кендирбаева билим берүү тармагын жетектөө озуйпасы абдан татаал жана кыйла жоопкерчиликтүү кызмат орду экенине 2012-2014-жылдары министрдин орун басары болуп иштеп турганда эле көзү жеткенин эске салат. “Бу мээ деген жарыктык өтө консерватор, жеткен жалкоо, майда-бараттан таптакыр арылгысы келбеген неме экен, аны такай камчылап, иштетип турбасаң, чалкалап жата бергиси бар. Министрлик кызматты мен мамлекет башчысынын эң жогорку ишеними катары баалайм. Ал кишинин жасап жаткан аракетин жакшы билем жана колдойм. Ийгиликтер барган сайын четинен көрүнө баштады: бардык тармакта кайра курумдар жүрүп, мектептер менен бала бакчалар салынууда, мугалимдерге карата камкордук бир топ жакшырды, билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасы чыңдалууда. Кыскасы, жоопкерчиликтен качкан жокмун, Президенттен ушундай сунуш түштү – мен кылчактабай кабыл алдым”, — дейт ал.

ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА:

“Министр болуш өтө оор, жамы калк элегиндеги сынаакы жумуш. Күндөлүк иш жүрүмүндө өйдө-төмөн иштер көп болот. Ошондуктан, стресске чыдамдуу, сын пикирге көтөрүмдүү болуш керек. Колдоону туура түшүнүп, мактоону көтөрө билсеӊ – андан бетер жакшы. Пара албайм, пара бербейм, бара да бербейм. Үйгө бардым – министр жок, баягынын бары улаганын сыртында калат: нарк карманган жөпжөнөкөй кыргыз кызымын, салт сыйлаган келинмин, өз ордун билген жармын, бала-чаканын энесимин, алтурсун чоң эне да болуп калдым дегендей. Жетекчи болгон адам “кой кокуй, эл эмне дейт” деген кыязда өз балдарына кандайдыр бир чектөө койбош керек экенине көзүм жетти. Мурда андай учурлар болгон, азыр балдарымды таптакыр чектебеймин… ”

Дегеле, Догдуркүл Кендирбаева бардык кызмат тепкичтерин кылдаттык менен басып өткөн өтө тажрыйбалуу жана түшүнүгү кыйла кенен, демилгечил, ар дайым жаңычылдыкка умтулган адистердин катарына кирет десек да болот. Ал өзүнүн эмгек жолун элет жергесиндеги ири мал чарбасында катардагы жумушчулук кесиптен баштаган. Ал эми жогорку окуу жайын бүтүрүп келген соң, тарых жана экономика мугалиминен министрге чейинки биресе ардактуу, биресе жооптуу жолду басып өттү.

АГАРТУУ ТАРМАГЫНЫН “АЛТЫН КАЗЫГЫ”

Ал арада Жети-Өгүз районунун акиминин биринчи орун басары, Ысык-Көл облустук билим берүү башкармалыгынын начальниги, Ысык-Көл облустук билим берүү уюмдарынын директору, Билим берүү жана илим министринин орун басары, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору сындуу бир катар ары ардактуу, ары жооптуу кызматтарды аркалады. Ошону менен бирге, коомдук иштерге жигердүү катышып, Каракол шаардык кеңешинин депутаттыгына шайланганынын да кабарыбыз бар.

ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА:

“Мен билим берүүнүн үч доорун баштан кечирдим: совет учуру, өткөөл мезгил, эгемендик. Апамдын жолун жолдоп, дегенде үч жыл элетте мугалим болдум, алтургай, “Жылдын мыкты мугалими” (1998) аталдым. Анан Караколдо мугалимдердин мугилими да болуп иштедим. Ошон улам, билим берүү тармагынын аки-чүкүсүн жакындан жакшы билем. Башкалардан өзгөчөлөнүп, билим берүү тармагынын өӊ-түспөлү да, жыт-жыбыры да жок, жыйынтыгын гана туура баамдай жана баалай билиш керек. Ар качандан бир качан бала адегенде предментти эмес, мугалимди тандайт. Бул мыйзам ченемдүү нерсе. Мугалим ушунусу менен өзгөчө кесип, ошонусу менен керемет…”

КР Президентинин илим-билимдүү, жамы өлкө жана жалпы кыргыз журтунун жүгүн көтөрүүгө жарамдуу келечек муундун өкүлдөрүн тарбиялоого багытталган «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу доктринасынын да, Министрлер Кабинетинин «Алтын Казык» мамлекеттик программасынын өзөгүн дагы билим берүү жүрүмү менен таалим-тарбия ишин эриш-аркак алпаруу милдети түзөт. Андан тышкары, кыргыз жарандарынын иденттүүлүгү, мамлекеттик тилди сөзсүз билүү жана колдонуу, ырасмий тилди өздөштүрүү жана колдоно билүү, дагы башка кошумча чет тилдерди үйрөнүү артыкчылыгы, салттуу бүлө баалуулуктарын таануу, ата-энелер менен окутуучулар жамаатынын өз ара тыгыз байланышын ыраатка келтирүү чаралары да камтылган. Демек, мезгилинен эртелеп канат кагып, миң буйгалуу кур кыялдын жетегинде калбай, адегенде канчадан бери чечилбей, ары-бери будамайланып келаткан мамлекеттик документтердин талабы аткарылышы керек.

Бүтүндөй билим берүү тармагын тармагын 12 жылдык окутууга трансформациялап жаткан “Алтын Казык” жөн-жай эле катардагы программалардын бири эмес, ал далай ирет ийине жеткире ийлене иштелген жана нукура улуттук өзгөчөлүктөргө таянган мамлекеттик документ болуп саналат. Догдуркүл Кендирбаеванын айтымында, бул мамлекеттик программаны ишке ашыруунун мыйзамдык базасы иштелип чыккандан кийин гана көпчүлүктүн талкуусуна коюлган.

“Адегенде бир топ өлкөлөрдүн программаларын кылдат иликтеп чыктык, жол-жоболорун жетик үйрөндүк. Алардын жоболору бизде иштеп кете албайт. Ошондуктан, эч нерсе алган жокпуз, өзүбүз иштеп чыктык. Бирок, билим берүү өндүрүш же курулуш эмес, анын үзүрү жок дегенде 15 жылдан кийин билинет. Миңдеген жылдык карт тарыхы бар экенине карабастан, кыргыз өзү аз сандуу калк. Элибиздин 98 пайызы сабаттуу, эл аралык стандарттан алганда, бул дурус эле көрсөткүч болуп саналат. Бирок, билим берүү жаатына келгенде, азырынча чабалдык кылып жатабыз. Муну эл аралык уюмдардын иликтөөлөрү бир эмес, бир нече ирет тастыктаган. Заман талабы улам өзгөрүп жатат, биз аны менен адымдаш жүрүүбүз кажет”, — дейт министр айым.

АГАРТУУ ТАРМАГЫНЫН “АЛТЫН КАЗЫГЫ”

ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА:

“Биз ушу тапта туташ кризис маалында жашап жатабыз. Адам пейили тарыды, кылмыш көбөйдү, ички жана тышкы миграция күчөдү, экологиялык абал начар, азыртан эле суу тартыштыгы байкала баштады. Кай жагыӊа караба, толгон-токой тартыштык, көптөгөн кооптуу чакырыктар башбагып турат. Барыдан мурда, дүйнө өзү тынч эмес. Мындай көйгөй бизде эле эмес, бүт дүйнөдө ошондой. Ошондуктан, өзүбүздүн бардык тармак боюнча алган ордубузду так аныктап, мындай кыйчалыш абалдан чыгуу аракетин жасашыбыз керек. Маселен, агартуу тармагындагы башкы максат – адам капиталын өнүктүрүү. Алган-берген билимдин кандайдыр бир практикалык маани-мазмуну болууга тийиш. Ансыз болбойт…”

 

Бир жолу эмес, катары менен эки ирет министрликке дайындалган адамга сынтагып, ишинен калпыстык издеп, жок жерден кынтык издегиси келген немелер четтен табылат. Алтурсун, анын артынан компромат чогулткандар жок эмес чыгар. Эми, ага анчалык деле таңгалыштын кереги жок. Бул ирет дагы дал ошондой болду: балдарды 12 жыл окутуп эмне кылат, андан көрө азайтышпайбы, акыл-эси жетиле элек балдарды 6 жаштан мектепке тартып эмне кылат, мектептерде орун тартыш, предменттик сабактар кыйла татаал, балдар жеткелең өздөштүрө албайт дешет. Айтор, баягыдай эле аны-муну дешкендер көп, а колкабыш кылгандар аз окшобойбу…

Министрдин берген маалыматына караганда, дүйнөдө 193 мамлекет болсо, азыр анын ичинде 150 өлкө 12 жылдык билим берүүгө өткөн. Баланын акыл-эс туюму 6 жашка чейин калыптанат экен, ал андан ары мына ошол айлампада өсүп-өнүгөт. Дүйнөлүк технология кескин өнүгүп жаткан шартта, балдарды заманбап эмгек рыногуна ылайык даярдоо милдети турат. Окуучулар мектеп күндөлүк турмуштан алыс материалдарды жадыбалдай жаттоо жана кайра-кайра караманча кайталоо менен алектенип калыптыр. Мындай усул азыркы заман талабына жооп бербейт. Биз эл аралык алдыӊкы тажрыйбаларды өздөштүрүүгө тийишпиз. Азыркы талап дагы, милдет дагы ушундай.

АГАРТУУ ТАРМАГЫНЫН “АЛТЫН КАЗЫГЫ”

Албетте, тепкедей балдарды 6 жаштан мектепке тартуу жана билим берүү мөөнөтүнүн 12 жылга созулушу кыйла талаш-тартыштарды жаратары башынан эле белгилүү болчу. Эми, бул турулуу нерсе: жаӊыча кадам ар дайым кайчы пикирлерди жаратып келген, жарата берет Менимче, мындай каралоо кампаниясынын аттуу-баштуу айгайчыларына азырынча анча капа болууга илгинчектүү негиз деле жок. Алардын басымдуу бөлүгү узак жылдар мамлекеттик кызматта иштегени менен, өз алдынча кайра курумдарды жасай албаган, ал арада жеке билим берүү окуу мекемелери менен окутуу борборлорун ачып, небак эле өз көмөчүнө күл тартуунун кынуусун алган немелер экени байкалып турат.

Мына ошол каршыккан каршылаштардын пикиринде, 6 жаштагы балдар физикалык жана психологиялык жактан мындай кошумча жүктү көтөрө албайт имиш. Бул жерде эч кандай кошумча жүк жок. Биринчиден, мурдагы 0-класс 1-класс аталды. Демек, иш жүзүндө окуу мөөнөтү таптакыр өзгөргөн жок. Экинчиден, мектеп программасы заман талабына жараша ыӊгайлаштырылып, өтүлчү сабактардын мөөнөтү да, өлчөмү да, көлөмү да кыйла жеӊилдетилүүдө. Үчүнчүдөн, биз азыр баштагы окутуу санынан билим берүү сапатына өтүп жаткан чагыбыз.

Дагы бир белгилей турган нерсе, 6 жашар бала үчүн 1-класс менен бала бакчанын мектепке чейинки “Наристе” программасынын айырмасы аз: ошол эле бала бакчанын имаратында окуйт, академиялык окуу мөөнөтү – баштагыдай 45 мүнөт эмес, 35 мүнөт, сабак арасындагы эс алуу мөөнөтү – 10-15 мүнөткө чейин. 1-2-3-класстарда сабак баалары коюлбайт, апталык сабактарынын көлөмү – 20 академиялык саат. Башкы максат жеткинчектерди социалдык чөйрөгө аралаштыруу, жаӊы жагдайга көндүрүү, өз курбалдаштары жана агай-эжейлери менен тил табыша билүүгө үйрөтүү, мугалимдер менен ата-энелердин байланышын чыӊдоо болуп саналат.

ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА:

“Биздин бүлө дүнүйөгө кызыкпайт. Жеке мен деле жалтырак-жултуракка жокмун. Жоолугумду моюнга чалам да, шарт чыгып кете берем. Майда-бараттан алыспыз, демек, жаныбыз тынч. Колго жасалган шырдак менен жер төшөк салам, тушкийиз менен оймо-сайма илем, жууркан менен жаздык жыям. Азыр алардын бары өзүнчө раритет болуп калды. Үйгө келген кишилер таӊгалып, кандай сонун, ушинтип жашаса деле болот турбайбы дешет. Жашабай анан, жашагандай жашаш керек да. Кайын-журтум дагы ошондой. Алар менен 13 жыл колунда турдук. Кайындарыма келиндей кызмат кылып, кызындай алкоого арзыдым. Кайнатамдын акылы тунук адам, такай ишиме көз салат, азыркыга чейин кеп-кеңешин берип, акыл-насаатын айтып турат.

Албетте, агартуу сындуу ири тармакта анча-мынча кемчиликтер кетет, кетпей койбойт. Мына ошол мүчүлүштүктөрдү бара-бара басырылып калар деген кыязда мезгил көчүнө түртө салып, убактылуу унуткаргысы келген аткаминерлер эмес, дал ошол кетирилген кемчиликти өз маалында илгиртпей туюп, туура баамдап, кынтыксыз оңдоп-түзөп кеткен адам – мыкты жетекчи. Бул жагынан алганда, агартуу министри жлпы эле агартуу тармагынын, анын ичинде билим берүү тутумунун оош-кыйышын жакшы билет, туура түшүнөт Ал жагын жанагыдай айрым айгайчыл ура-патриоттордон артык билбесе, асты кем билбейт.

Кыскасы, Догдуркүл Кендирбаева өмүр өтөлгөсүнө куп жарашкан мындай кутман куракка куру кол келген жок. Ал кишини өз замандаштары айткан сөзүнө жасаган иши төп түшкөн чыныгы атуул, өлкөбүздүн билим берүү тармагына тармагына өзүнүн бараандуу салымын кошкон тажрыйбалуу адис, такшалган устат, мыкты уюштуруучу катары жатык билет, жалпы сыйлайт. Ал кайсы тармакта, кандай кызматта иштебесе да, өзүнүн тереӊ билимин, топтогон мол тажырыйбасын, уюштуруучулук жөндөмүн, жарандык жигерин өлкөнүн бакубат келечеги үчүн жумшап келет.

Дагы бир ирет – маарекеңиз кут болсун!

АГАРТУУ ТАРМАГЫНЫН “АЛТЫН КАЗЫГЫ”

Кендирбаева Догдуркул Шаршеевна 1965-жылы туулган. Билими жогорку: 1991-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин Тарых жана коомдук илимдер факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн.

Өзүнүн эмгек жолун 1985-жылы Жети-Өгүз районундагы «Оргочор» асыл тукум чарбасында жумушчу катары баштаган.

19871997-жылдары Жети-Өгүз районундагы Ю.Гагарин атындагы орто мектебинде тарых жана экономика мугалими болуп иштеген.

1997-2001-жылдары – Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу институтунда мектептерди башкаруу жана инвестиция тартуу лабораториясынын башчысы.

2001-2002-жылдары – “Коомчулук деңгээлинде балдарды эрте куракта өнүктүрүү” долбоорунун аймактык билим берүү боюнча консультанты.

2002-2003-жылдары Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу боюнча облустук институтунда лабораториянын башчысы.

2003-2004-жылдары Жети-Өгүз районунун жетекчиси– акиминин биринчи орун басары.

2004 -2007-жылдары Ысык-Көл облустук билим берүү башкармалыгынын башчысы.

2007- 2012-жылдары Ысык-Көл облустук билим берүү уюмдарынын директору.

2012-2014-жылдары Билим берүү жана илим министринин орун басары.

20142023-жылдары «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору.

2023-2025-жылдары – Билим берүү жана илим министри.

2025-жылы агартуу министри болуп дайындалган.

Кемел Белек, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер