АГАРТУУ АЙДЫҢЫНДАГЫ АЛГЫ ИШТЕР КӨРГӨЗМӨСҮ

  • 11.04.2023
  • 0

Бүгүн А.Осмонов атындагы улуттук китепканада өлкөбүздүн агартуу тармагына алды кылымга жакын, арты алтымыш жылдан ашык ак эмгек өтөп келаткан үч бараандуу басылма – “Эл агартуу” журналынын 95 жылдыгына, “Кут Билим” газетасынын 70 жылдыгына жана “Русский язык и литература в школах Кыргызстана” журналынын 65 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмө ачылды.

 

АГАРТУУ АЙДЫҢЫНДАГЫ АЛГЫ ИШТЕР КӨРГӨЗМӨСҮ

Анын салтанаттуу ачылышына КР Президентинин кеңешчиси А.Койчиев, Билим берүү жана илим министри К.Иманалиев, экс-министр И.Болжурова, академик Б.Мурзубраимов, ректорлор А.Мусаев, Т.Абдрахманов, КР Журналисттер союзунун төрагасынын орун басары К.Раматов ж.б. көптөгөн агартуу тармагынын өкүлдөрү, күйөрмандары келип, чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорун айтышты.

Адатта басылмаларда өкүм сүргөн атаандаштыктан алыс, бийиктикте бири-бирин толуктап келаткан үч басылманын бир туугандык жакындыгын айткан министр Каныбек Иманалиев өз сөзүндө бүгүнкү иш-чара кылымга тете майрам экендигин баса белгиледи. “Акыркы бир кылымда Кыргызстандагы  мугалим, директор, окумуштуу, ректор, академик, Кыргыз эл жазуучусу, эл акыны, драматург жана башкалардын бүт өмүрү ушул үч басылма менен байланышкан. Аталган үч басылмасыз кыргыз интеллигенциясынын асыл муунун элестетүү мүмкүн эмес. Бул басылмалар –  кыргыз интеллигенциясынын энциклопедиясы” – деди ал.

Өткөн жылы Билим берүү жана илим министрлиги үч басылманын редакцияларын бириктирип, “Кут Билим” медиа борбору түзүлгөн эле. Удаа келген үч даңазалуу дата ээлеринин эң аксакалы “Ардак белгиси” ордендүү “Эл агартуу” илимий-педагогикалык жана методикалык журналынын алгачкы саны 1928-жылы 5-майда “Жаңы маданият жолунда” деген ат менен жарык көргөн. Кыргыз тилинде жарык көргөн туңгуч журналды кыргыздын туңгуч интеллигенттери, Касым Тыныстанов, Токчоро Жолдошев, Эшеналы Арабаев, Осмонкул Алиев, Төрөкул Айтматов өз чөнтөгүнөн тыйын чогултуп жарыкка чыгарганы – илим-билимге суусап турган кыргыз элине мөлтүр булактын көзүн ачкандай көсөмдүк болгонун танууга болбойт. Алгач журнал билим берүү, илим, маданият, адабият, аялдар теңсиздиги, айыл чарбасы, экономика ж.б. тармактарды камтыган энциклопедиялык маанидеги журнал болгон болсо, кийин негизинен билим берүү жана илим багытында ишин уланткан. Журналдан алгачкы жооптуу редактору К.Тыныстанов, анын автордук курамы ошол кездеги кыргыздын алгачкы интеллигенциясы, мугалимдик курстардын окутуучулары жана жогорку курстардын угуучулары болгон. Журналдын беттеринде окутуунун ыкмалары, сунуштамалар, кыргыздын жана орус акын-жазуучуларынын чыгармалары жарык көрүп турган.

Журнал 1932-жылдан “Маданий майдан”, 1938-жылдан “Окутуучуларга жардам”, Улуу Ата мекендик согуштан кийин “Мугалимдерге жардам” деген аталышта жарык көрүп келип, 1972-жылы “Эл агартуу” деп аталган.

1978-жылы 5-майда СССР Жогорку Советинин Президиумунун Указы менен “Эл агартуу” журналы “Ардак белгиси” ордени менен сыйланган. Бул билим берүү ишин өнүктүрүүдө анын сиңирген эмгегинин бийик баасы болуп калды.

Азыркы убакта “Эл агартуу” журналы эки айда бир жолу чыгууда. Анда сабакты окутуунун заманбап усулдарынан тартып илимий изилдөөлөргө чейинки ар кыл багыттагы материалдар жарык көрүүдө. Жакында эле анын башкы редакторлугуна ф.и.к. жыйырма жылга чукул «Кут Билимде» иштеп, такшалган таланттуу журналист Чолпон Кийизбаева дайындалып, министр баш болуп жаңы дем, жаңы күч менен заман талабына шайкеш жаңырып чыга баштарына үмүт артып турган чагы.

70 жылдык мааракесин белгилеп жаткан “Мугалимдер газетасы”, азыркы “Кут Билим” 1953-жылы негизделип, биринчи саны 7-апрелде жарык көргөн. Ошол тарыхый мааниси чоң окуянын башында кыргыздын мекенчил уулу Исхак Раззаков өзү турган. Гезиттин алгачкы редактору окумуштуу педагог Дүйшө Айтмамбетов. Андан соң  партиялык кызматкер Дүйшөке  Орозалиев бир топ жыл жетектеген. 1971-жылдан 1989-жылга чейин  КР Эл жазуучусу, КР эмгек сиңирген мугалими Жунай Мавлянов башкы редактор болгон. Алардын ишин кийин Абдыжапар Эгембердиев, Талант Конокбаев, Кубатбек Чекиров сыяктуу жогорку кесипкөй журналисттер татыктуу улантты.

Элибиз эгемендик алган жаңы доор келгенде, 1993-жылы “Мугалимдер газетасы” улуу даанышман бабабыз Жусуп Баласагындын дүйнөгө белгилүү чыгармасына уйкаш “Кут Билим” деген атка көчтү. “Кут Билим” Кыргызстандын билим берүү жана илим тармагындагы мамлекеттик саясаттын эң башкы жарчысы жана бүткүл мугалимдердин кесиптик кеңешчиси, коомдук трибунасы катары белгилүү. Окуу жана өнүгүү программаларын, усулдук иштелмелерди, алдыңкы мугалимдердин иш-тажрыйбасын бала бакчадан тартып бардык мектептерге жеткирип жаткан, бул тармактагы күнүмдүк жаңылыктар менен орчундуу окуяларды оперативдүү чагылдырган, билим берүүнүн азыркы учурдагы көйгөйлөрүн көтөрүп, ачык талкуулаган республикалык бирден бир басылма.

Ал эми 65 жылдан бери үзгүлтүксүз жарык көрүп келаткан “Русский язык и литература в школах Кыргызстана” илимий-методикалык журналына профессор Лев Шейман узак жылдар редакторлук кылган.

Ал бир эле Кыргызстан эмес, бүтүндөй КМШ аймагындагы орус тилин окуткан педагогдордун алдыңкы иш тажрыйбасын пропаганда кылып, эң жаңы окуу лингводидактикалык, адабий дидактикалык жана агартуучулук материалдарды орус тил жана адабиятын окуткан мугалимдерге жеткирип, оперативдүү методикалык жардам көрсөтүп келаткан илимий-методикалык эле эмес, академиялык жана предметтик-методикалык басылма болуп саналат.

Улуттук китепканадагы көргөзмө педагогикалык басылмалардын мааракесине арналган иш-чаралардын эң алгачкысы болуп эсептелет. Жыл соңуна чейин бардык билим берүү мекемелеринде педагогикалык басылмалардын тарыхы менен ишмердигине арналган тематикалык бурчтар уюштурулуп, чыгармачылык жолугушуулар, конференциялар өткөрүлмөкчү.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер